Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрнест Карыбеков, эксперт: “Кара-Кече көмүр станциясын куруу зарыл”

Эрнест Карыбеков, эксперт: “Кара-Кече көмүр станциясын куруу зарыл”

15-октябрь, 22:25
783 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эрнест агай, электр энергиясына болгон баа дагы жогорулайт экен. Бул жагдай экономикага салым кошо турган ишкерлерге да маселе жаратып койбойбу?

-- Биздин энергетиканы, жалпы экономиканы талкалаган, өлкөбүздү көз каранды кылган каржы-экономикалык системадан өкмөт чыкпаса, баа мындан да өсө берет. Бул багыттын бир эле дарысы бар, ал тарифти көтөрүү. Ошон үчүн системаны сындырып, Кыргызстандын жеке өзүнүн каржы-экономикасын түзүш керек. Анын жолдору бар. Энергетика бутактарын реформалап, кирешесин өнүгүүгө жумшаш керек. Жер сиңирбеген, утилизациясы кымбат 1 кВт/сааты 4,42 сом, натыйжасы төмөн "жашыл" күн, шамал станциялардын жабдыктарын курбай, арзан, 1 кВт/сааты 1 сом болгон, натыйжасы жогору, 3-4 жылда эле бат курула турган Кара-Кече көмүр станциясын куруу зарыл. Ошондо калкты жана баардык экономиканы бир баага өткөрсөк, өндүрүш өсүп, өнүгүп, эл дагы кыйналбайт эле. Тарифти эле көтөрө берүү системасы, орустар айткандай, “тупиковый путь”.

-- Кыш келе электе эле энергетика министри пландуу өчүрүүлөрүн эскертип, ишканалар электр жарыгын көп сарпташарын айтууда. Эл кышында кыйналып калбайбы? 

-- Жогоруда айтылгандай, натыйжасы төмөн станциялар маселени чечпейт. Күн жок, шамал жок иштебейт, кышында суунун агымы азаят, министрлер кабинетинин аракеттери өлкөдөгү кышкы керектөөнү жаппайт. Бул кыш мезгилине дагы Токтогул суу сактагычындагы төмөнкү көлөм менен киришти (13 млрд. куб/м). Негизи 16 млрд. куб/метрден кем болбошу керек эле. 

Албетте, кышында сууну такыр эле түшүрүп албас үчүн өчүрүүгө барышат. Алдыга карай президенттин тапшырмасы аткарылбайт, экспортко чыгарышпайт, импорт токтобойт кышында. 2-3 жылда кийин коңшу мамлекеттер дагы жардам бералбай калышат. Анткени, өздөрүндө дефицит болот. Элди кыйнаган системадан чыгып, өзүбүздүн өнүгүү жолубузга түшмөйүн, маселе чечилбейт. Мен айткан сунушту эске алышса, Токтогулдун регламенти сакталып, дайыма суу толуп, кышкы керектөөнү Кара-Кече станциясы менен эле жаап калат элек. 

-- Өкмөттүн кышка даярдыгы барбы? ТЭЦ оңдоп-түзөөдөн жетишерлик деңгээлде өттүбү?

-- А жерде ремонт график менен өтүп атат, бирок ТЭЦ Бишкекте, Кыргызстанда эле эмес, жалпы Борбор Азиядагы эң маанилүү объектилердин бири. Аны эмнеге муниципалитетке берип коюшканы чоң суроо жаратат. Биринчи базалык Кара-Кече станциясын куруп, 1200 мВт кубаттуулукту көбөйтүп, резерв кылып, анан Бишкек ТЭЦти шаардыктарга “өзүңөр камсыз кылып бергиле” деп мэрияга өткөрсө туура болмок. Кудай сактасын, ТЭЦте бирдеме болсо, жалпы Борбор Азия энергосистемасы өчөт (блэкаут). Кошуналар өздөрүндө энергосистемасын сактап калуу үчүн бизден параллелдүү түрдө иштен чыгышат. Анда Кыргызстандын 50%ы жарыксыз жана суунун көлөмү аз Токтогул каскады менен калат. ТЭЦти Бишкекке эмне үчүн өткөрүп беришти? Энергетика мамлекеттин коопсуздугун сактай турган тармак. Ошондуктан өкмөт бул жактын өнүгүү доктринасын түп-тамырынан бери өзгөртүшү зарыл.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер