Турмушка чыгайын деген оюм жок...
Күйөөмдүн көзү өтүп кеткен. Мени кайнагама алып берем деп жатышат. Кайын журтума айттым балдарды алып калгыла мен күйөөгө чыкпайм иштейм балдарымы өзүм багам дедим. Фармацефтиканы бүткөм дипломум бар турмушка чыгып иштебей калган элем. Балдарымы көзүм кыйбай жүрчүмүн кетсем кантет деп тазалыктары кандай болот мен жок деп. Дипломуму алып шаарга келдим повышение квалификация кылдырсам иштесем болот экен. Азыр окуп аптекада стажировкада жүрөм. Ичимде ишке болгон күчүм аябай көп. Айылда эле күндөгү жумуштарды кылып коюп жүрө берген экенмин. Балдарым менен да кундо сүйлөшүп атам буйруса биринчи айлыгымы алып эле үйгө балдарыма салам деп турам. Анан жайда балдарымы кайненеми шаарга алдырып көлгө апарып көрсөтүп келсем деген тилегим бар. Жакшы амамдар көп экенине ишендим, иш табылып билимимди да жогорулатканга өздөрү акча төлөп беришти, тумушка чыга турган оюм жок.