Айбек Бузурманкулов: “Апаларыбыз, айымдарыбыз камакта жатышат. Аларды эркиндикке чыгаралы?”

Жакынкы күндөрү Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин бөгөт чарасы каралып, тергөө иштери узартылды.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Таластын мурдагы губернатору Айбек Бузурманкуловду 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды. Сот учурунда Айбек Бузурманкулов төмөндөгүдөй пикирин билдирди.
-- Мындай сыноо ар бир жигиттин башына келет. Албетте, көтөрөбүз. Бул күндөр дагы өтөт. Кыргыз эли адилет, тарых баарын баалайт деген ишеничтемин. Курултай боюнча иш алып барып жүрөм. Өткөндөгү курултай – сурануу маанайына айланып калды. Курултайдын маани-маңызы – эл бийликтен отчёт алуу эле. Ошол күнү бийлик келип, эл алдында отчет бериши зарыл болчу. Бул курултай, тескерисинче, аткаруу бийлигине “бул көйгөйүмдү чечип берип койчу?” деп жалдыроо менен бүттү. Биздин максат: бийликтин коомчулук алдында жооп берүүсүн талап кылуу. Эл эч качан эркин ойду айтуудан коркпош керек. Анан дагы бир айтарым, апаларыбыз, айымдарыбыз камакта жатат. Аларды боштондукка чыгарсаңыздар деп суранат элем.
"Азия Ньюс" гезити