Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев жаштардан чыккан туруксуз, ойноок бала катары таанылды

Марлен Маматалиев жаштардан чыккан туруксуз, ойноок бала катары таанылды

22-январь, 12:50
1 351 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Трайбализмге берилген Марлен Маматалиевдин бир ууч колдоочулары соцтармактардан жылуу пикир жазганга аракет кылышат. Бирок, сүрөшсө да “күлүк” кургур окшошпой атпайбы. “Жаштардын алдыңкы катарында, депутат, сүйлөгөндү билет” дегенибиз менен “пайдубал” начар болсо кантесиңер? Мисалыбы? Марлен Маматалиев атасы Абдрахман аксакалдын тапкан-ташыганын берип, “Республика – Ата Журт” партиясы аркылуу 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болгон. Тилекке каршы, бала чыйрак көрүнүүгө жандалбастаганы менен туруксуздугун ачык айгинеледи. Өткөн парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясына жармашканы, кырдаалга жараша ал жактагы шефин сатып, андан соң Садыр Жапаровго кошомат кылып, жаңы бийлик тарапка өтүп кетти. Кыска аралыкта туруксуздугун көрсөтүп, ойноок экенин далилдеди. Эки жүздүү мүнөзгө эгедер адам эч качан салмактуу саясатчы катары калыптана албайт. “Шайкалардын” үйүр тобундагы бир жүгүрүк катары гана сыпатталат. Болгон даражасы ошондой эле... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер