Акыркы кабарлар
» Коом » Министрлик Орозо айт майрамында үймө-үй кыдырбоого чакырды
Министрлик Орозо айт майрамында үймө-үй кыдырбоого чакырды
23-май, 13:08
658 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Орозо айт майрамында үймө-үй кыдырбоого чакырды. Ал андан сырткары өз ара социалдык аралыкты сактоо керектигин эскертти. Себеби, кишилер бири-бирине канчалык жакын болгон сайын коронавирустун жугуу ыктымалдуулугу артат.
Эске салсак, Кыргызстанда Орозо айт 24-майда белгиленет. 23-майга карата Кыргызстанда 1365 кишиге коронавирус жукканы ырасталып, 957 киши ооруканадан чыгып, сакайып кетишти.