Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним

(Башы өткөн сандарда)
Алай өрөөнү
Ош облусунун түштүгүндөгү Алай жана Чоң-Алай кырка тоолорунун арасында жайгашкан Памир-Алайдын укмуштуудай кооз бөлүгү созулуп жатат. Мурда Алай өрөөнүнөн Улуу Жибек Жолунун бир бөлүгү Торугарт ашуусу (3752 м) аркылуу өтсө, бүгүнкү күндө ал жерден Оштон Хорогго баруучу бийик тоолуу чоң Памир жолу уланат.
Өрөөн көптөгөн капчыгайлары менен батыштан чыгышты карай созулат. Чоңалай (Заалайский хребет) кырка тоосунун чокулары бийик, кол жеткис, түшүнүксүз массивдүү, ошол эле учурда абадай каалгып, баардык салмагы менен жерди баспай, асман-күндү карай созулгандай элес калтырат. Талдык ашуусуна чыгып баратканда, андан түшкөндө кадимки формадагы көп түстүү аскалар, кооз, терең, тоо дарыялары бойлоп аккан кууш капчыгайлар кездешет.
Өрөөн аркылуу тез агымдуу дарыялардын бири Кызыл-Суу («Кызыл дарыя») агып өтөт, андагы суу дайыма күрөң-кызыл өңдө. Ал эми тегеректеги тоонун капталдары көбүнчө кызыл түстө болуп, альпынын жашыл шалбаалары, ак карлуу чокулары жана көк асман айкалышып, сөз менен айтып жеткире алгыс кооздукту жаратат!
«Алай» -- профессор А.А.Семеновдун аныктамасы боюнча Кагатай-түрк тилинде «үйүр» дегенди билдирет. Жергиликтүү тургундар «Алай» деген сөздү «бейиш» деп которуп келишсе, бул жактын жайлоолору абдан кооз, берекелүү, анда койлор, топоздор, жылкылар, уйлар жайыт алышкан.
1871-жылы Алай өрөөнүнүн батыш бөлүгүн жана Чоң-Алай кырка тоолорун биринчи жолу сүрөттөп, изилдеген белгилүү орус окумуштуусу жана саякатчысы А.П.Федченко болгон.
Ленин чокусу
Көз жоосун алган мөңгүлөр, жаркыраган түбөлүк муздары менен тоо кыркасын 4400 метр бийиктиктен баштап чокуларына чейин каптап турат. Алардын эң бийик жери Ленин чокусу (7134 метр) – бүткүл дүйнөдөгү альпинисттердин сүйүктүү жери болуп эсептелет.
Чоң-Алай кырка тоолорунда бүгүнкү күнгө чейин адамдын буту тийбеген, эч ким барбаган айрым капчыгай, мөңгүлөр да бар.
Курманжан датка – “Алай ханышасы”
1832-1876-жылдары алайлык кыргыздарды башкарып турган мамлекеттик жана аскер ишмери Курманжан датка (1811-1907) Алай тоолорунда туулган. Ал ошондой эле "Алай ханышасы", "Түштүк ханышасы" жана "Тоо ханышасы" деген ат менен белгилүү.
Кокон ханы Кудаяр алайлык кыргыздарды өзүнүн букаралары катары жарыялап, аларга салык салганда, Курманжан аны мындан баш тартууга мажбурлап, өзүн Алайдын жаңы башкаруучусу атап, «датка» (ханыша) ардактуу наамын ыйгарууга аргасыз кылган. Демейдеги текебер хан Курманжан датканы эң кадыр-барктуу бек катары тосуп алууга аргасыздык жаралат. Аял кишиге мындай расмий кабыл алуу уюштуруу – Орто Азияда жана бүткүл мусулман Чыгышында биринчи жолу орун алган эле. Бухара эмири Музаффар Алайдын башкаруучусун таанып, ага «Датка» титулун ыйгарган экинчи хан болгон.
Башында Курманжан датка Кокон хандыгынын Россия империясына кошулушуна каршылык көрсөткөн. Орус аскерлеринен жеңилгенден кийин Кашкарга көчүп барган, бирок ал жакта мындан да чоң трагедия орун алып, кайра Алайга кайтып келет.
Өз кезегинде Шабдан баатыр Курманжан даткага кеңешин айтып, орустар менен алака түзүүнү сунуштап, жалпы элдин тынчтыгы, коопсуздугу үчүн тынчсызданган...
Курманжан датка жана генерал Михаил Скобелев
Курманжан датканы орус аскерлеринин штабында Фергананын алгачкы аскер губернатору, орус-түрк согушунун болочок баатыры, генерал Михаил Скобелев кабыл алган. Орус генералы чыгыштын каада-салтын карманып, таттуу даамдардан ооз тийгизип, ага “ханбийке” катары мамиле кылат. Генерал сүйлөшүүдөн кийин «Түштүк ханышасына» өз колу менен парча чапан кийгизгени белгилүү.
Курманжан датка жана Карл Густав Эмиль Маннергейм
Курманжан датканын өлүмүнөн алты ай мурун, 1906-жылдын июнь-июль айларында саякатчы жана Финляндиянын болочок маршалы Карл Густав Эмиль Маннергейм Азияга болгон экспедициясы учурунда Алай өрөөнүнөн өткөн. Ал Ошко токтоп, кыргыздын мурдагы даткасынын боз үйүндө болот. Маннергейм өзүнүн саякаттагы күндөлүктөрүндө алайлык кыргыздар жөнүндө, Курманжан датка менен баарлашуусу тууралуу баяндалат. Албетте, бул көрүнүш «Алай ханышасы» боюнча маанилүү эскерүүлөрдү калтырган. Маннергейм 96 жаштагы мусулман аялдын сүрөткө түшкөнүнө, атүгүл ат минип элес калтырууга макулдугун бергенине таңгалган...
Аравандын «Асмандагы аттары»
Ош облусунун Араван айылынын тоолорунда аскага чегилген көптөгөн үй жаныбарларынын сүрөттөрү бар, алардын сырткы көрүнүшү Азиядагы породалуу аттардын тукуму болуп эсептелинген легендарлуу «асман жылкыларына» толугу менен дал келет. Айрым изилдөөчүлөр Араванга жакын жайгашкан байыркы чептин урандыларын Давандын борборлорунун калдыктары катары эсептешет.
Аравандагы аскадагы бээ-кулундун укмуштуудай элеси айраң таңкылтырат. Анда ташка чегилген аттардын сүрөтү, алардын табигый көлөмү түшүрүлүп, миңдеген жылдар бою өзүнүн ачык түсүн жоготпогон чопо аралашмасы бар зат менен сырдалган.
Кытайдан Батышты көздөй Жибек Жолун ачкан кытайлык саякатчы жана дипломат Чжан Цзянь: «Давандын ээлигинде бийик тоолор бар. Бул чөлкөмдө аттарга жетүү мүмкүн эмес. Ошондуктан алар ала-була беш көкүлдүү бээлерди тоо айгырларына жупташтыруу үчүн коё беришет. Кулундары кандуу тер аралаш туулушат, өзгөчө касиетке ээ болушат, алардын тукумдары баалуу, сейрек...» деген.
Ошондой эле байыркы кытай жылнаамаларында биздин доорго чейин II-I кылымдарда бул аттарга Орто Падышалыктан Давань мамлекетине чейин бир нече аскердик экспедициялар жасалганы белгилүү. Кытайлар аларды «өлбөстөр өлкөсүнө» чейин жеткире ала турган «асмандагы аттар» деп эсептешкен. «Асмандагы аттарды» алууга айрыкча өлбөс болуунун жолун издеген Кытай императору Ву Ди өзгөчө дилгир эле. «Асмандагы аттар» Кытайда сыйынуунун объектисине айланып, акындар алар жөнүндө ырларды жазышкан.
Абшыр-Ата капчыгайы
Бул Ош облусундагы эң кооз жана эл көп барган жерлердин бири. Өрөөндө башы 15 метрлик шаркыратмадан уланган Абшыр-Сай Сүт дарыясы агат. Жүз метрлик тик асканын боорунан диаметри эки метрге жакын болгон тешиктен суу атырылып чыгып турат. Шаркыратмага жер астынан агып чыккан дарыя жан берип, өзүнчө көркөмдүү.
Байыркы доорлордон бери ушул жер өзгөчө бааланып, ыйык катары эсептелген. Анткени, Кыргызстандын аймагында түз эле аскадан агып чыккан шаркыратма дээрлик жокко эсе. Мындан тышкары, Абшыр-Сай суусу минералдык, дарылык касиетке ээ жана ден соолукту чыңдоого жардам берет.
Баткен облусу сырдуу жана аз изилденген аймак
Алгач Баткенге түштүктө иштеп жүргөндө баргам. Мага Баткендин эли абдан сабырдуу, эмгекчил, меймандос жана ыймандуу көрүндү. Убакыттын өтүшүнө карай байкоолорум тастыкталды. Бул сапаттар баткендиктерге тарыхынан, Фергана өрөөнүндөгү географиялык абалынан, жаратылышынын кайталангыс, өзгөчө кооздугунан улам таасир эткени байкалат.
Тарыхка кайрыла турган болсок, орто кылымдарда Фергана өрөөнүнүн аймагында өнүккөн, гүлдөгөн шаарлар болгондугу, ошого катар Улуу Жибек Жолу аркылуу байланыштар Баткенден Самарканд, Бухара, Ташкент, Хива жана Кашкарга өткөнүн белгилей кетүү керек.
Буга көптөгөн тарыхый-маданий объектилер далил болот. Бул биздин замандын I-VI кылымдарына таандык болгон байыркы калктуу катмардын жашаганы маалым. Алар: Аирбаз, Баткен, Кайрагач, Кара-Камар, Кожо-Бакырган, Обишир; IX-XVI кылымдарга таандык конуштар бул – Булак-Башы, Исфана, Кара-Булак, чептердин калдыктары – Кан, Кыштут жана Кайрагач архитектуралык эстелик-мечити.
(Уландысы кийинки санда)
"Азия Ньюс" гезити