Балким акыркы катым ушул болушу мүмкүн. Ал жак караңгы эмес бекен?..
Буулугуп, бул ааламга батпай турам. Ичимдегини айткым келет, бирок азыр эч кимдин көз жашын көргүм келбейт. 25 жаштамын, үй-бүлөдө бир кыз, үч уулбуз. Ата-энем тилеп жүрүп тапкан кызымын. Кудайым жаратканда баардык нерсени бериптир, бирок өмүрүмдү кыска кылып коюптур. Эң жакшы окуу жайды бүттүм, ашынган сулуу болбосом да сөз айткан жигиттер толтура эле. Бир нече тилде эркин сүйлөйм, башкалар суктанарлык эле жашоом бар. Бирок... Төрт ай болду башымда шишик бар экенин билгенде (злокачественный), химиотерапия да, операция дагы жардам бербей калган убакта барыптырмын. Мурда ооруган деле эмесмин, бирок кийин башым тынбай ооруп, мурдум канай бергенинен баргам, бир нече жолу текшерилдим, жыйынтык ошол эле. Ата-энеме, бир туугандарыма, жигитиме да айтпадым, анткени мен бүтүп бараткан экенмин. Айтып, алардын жүрөгүн ооруткум келбейт, баары бир эч нерсе өзгөрбөйт. Анткени, мен өзүм да врачмын, мунун баарын түшүнөм. Атам менен апама “жумуштан бошобой атам” деп барбай качып жүрөм. Себеби жанына барсам, чыдай албайм. Азыр да катуу ооруп, “тез жардам” келип кетти, ыйлап отуруп жазып атам. Чынында коркуп атам, ушунчалык жашагым келет. Кудайдан күнөөлөрүм болсо кечиришин сурап, жалынганды тез эле үйрөндүм. Мен эч нерсени сезбесем керек, бирок жашап жаткандарчы? Атам менен апам кантер экен?.. “Күйөөгө тийсең кантип чыдайбыз?” дешчү эле...
Мен соолуп баратам, балким акыркы катым ушул болушу мүмкүн... Оорутпай эле алар бекен жанымды?.. Ал жак караңгы эмес бекен?..
Аида
"Азия Ньюс" гезити