Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айланасында жалаң коркоктор болгондо адам өзүн жалгыз сезет

Айланасында жалаң коркоктор болгондо адам өзүн жалгыз сезет

27-сентябрь, 09:00
864 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жалгыз адам көлөкө сыяктуу, ал эми эч ким сүйбөгөн адам кишилердин арасында да жалгыз.

(Сорж Санд)


Жалгыздыктан корксоң, анда үйлөнбө.

(Антон Чехов)


Айланасында жалаң коркоктор болгондо адам өзүн жалгыз сезет.

(Альбер Камю)


Жалгыздыктын эң жаманы – бул жүрөктүн жалгыздыгы.

(Пьер Бауст)


Адам эч качан жалгыз болбойт. Аны сөзсүз бирөө аңдып турат.

(И.Губерман)


Эгер түшүңдү айтып берер кишиң болсо, сен “жалгызмын” деп айтканга акың жок.

(Фаина Раневская)


Ойлуу адам жалгыздыкты жактырат.

(Омар Хайям)


Бирөө менен бактысыз болгондон көрө, жалгыз болгон жакшы.

(Мэрилин Монро)


Жалгыздык – бул эч кимге айтып болбой турган абал.

(Фаина Раневская)


Жалгыз болсоң сени эч ким таштап кетпейт.

(Эрих Мария Ремарк)


Мени менден эч ким тартып ала албайт.

(Владимир Набоков)


Бир мүнөттүк бакыт үчүн эки мүнөттүк жалгыздыгың менен акы төлөйсүң.

(Эльчин Сафарли)


Үйдө телевизор карап жалгыз отургандан көрө, мээңди жеген жинди аял менен жашаган жакшы.

(Фредерик Бегбедер)


Мен жалгызмын жана эркинмин. Бирок, бул эркиндик өлүмгө окшоп кетет.

(Жан-Поль Сартр)


Шаар канчалык чоң болсо, жалгыздык ошончолук күчтүү болот.

(Евгений Гришковец)


Телефондун унчукпаганынан өткөн катуу кыйкырык жок.

(Лоуис Уайз)


Өлүм – бул жалгыз ишке ашчу нерсе.

(Рэй Бредбери)


Бир англичан кемпир өзүн-өзү өлтүрдү. Көптөн бери ал өзүнүн күндөлүгүнө минтип жазып жүрчү экен: “Бүгүн да эч ким келген жок...”

(Альбер Камю)


Жалгыздык – бул конокко барып, бирок жашаса болбой турган жер.

(Джош Биллингс)


Жалгыз жатпаш керек. Жалгыз жашасаң болот, бирок жалгыз жатпаш керек.

(Франсуаза Саган)


Түбөлүк нерсени издеген адам жалгыздыкты табат.

(Мюриель Барбери)


Абдан жалгыз кишиге шыбырт да караан, жөлөк болот.

(Фридрих Вильгельм Ницше)


Атак-даңктын жолдошу – жалгыздык.

(Фаина Раневская)


Досу жок адам – накта жалгыз.

(Френсис Бэкон)


Жалгыздык – адамды ичтен жеген кислота.

(Харуки Мураками)


Үй-бүлөсү менен бапырап жашаган жөнөкөй адам жалгыз жашаган генийге караганда кыйла бактылуу.

(Дейл Карнеги)


Сүйүү – бул бири-бири менен жуурулушуп, бири-бирин коргогон эки жалгыздык.

(Райнер Мария Рильке)


Жалгыздык түрмө сыяктуу эле чоң бактысыздык.

(Винсент Ван Гог)


Жалгыздык – кайгы-муңдун шериги, ошол эле учурда руханий жогорулоонун да шериги.

(Джебран Халиль Джебран)


Ким жалгыздыкты жакшы көрсө, ал же жапайы айбан, же Кудай.

(Аристотель)


Биз жалгыздыктан кулчулукка караганда да көбүрөөк коркобуз, ошон үчүн үйлөнөбүз.

(Сирил Коннолли)


Жалгыздыкты эскерүү менен толуктоо мүмкүн эмес, эскерүү аны огобетер тереңдетет.

(Гюстав Флобер)


Мен өтө деле жалгыз эмесмин, себеби, менин жалгыздыгым бар.

(Эриан Шульц)


Адам жалгыз болуп туулат; төрөлүүнүн өзү жалгыздыкты көздөй ташталган биринчи кадам.

(Макс Фрай)


Жалгыз күрөшкөн киши – эң күчтүү киши.

(Генрик Ибсен)


Өзүңө-өзүң казган мүрзө канчалык тереңдеген сайын ошончолук жымжырт боло баштайт.

(Франс Кафка)


Бири-бириңерди сүйгүлө, бирок сүйүүнү чынжырга айлантпагыла.

(Халиль Жебран)


Биз бул дүйнөгө жалгыз болуп келебиз, жалгыз болуп кетебиз.

(Зигмунд Фрейд)


Акылдуу киши жалгыз болуш үчүн айланасына жалаң келесоолорду чогултат.

(Дон-Аминадо)


Жалгыздык – бул жымжырттык, жымжырттык болсо өзүңдүн жүрөгүңдү тыңшоо үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.

(Кайли Миноуг)


Мен жалгыздыкты жакшы көрөм, атүгүл жалгыз отурганда дагы. 

(Жюль Ренар)


Жалгыз калган учурда өзүңө-өзүң аламан бол.

(Альбий Тибулл)


Мен адамдар жок жалгыздыктан коркпойм, ишеним жок жалгыздыктан корком.

(Николай Сербский)


Сен күлгөн кезде бүт дүйнө кошо күлөт, ыйлаган кезде болсо, жалгыз өзүң ыйлайсың.

(Элла Уилер Уилкокс)


Жалгыздык – бул агарып, тазаланчу жер.

(Мартин Бубер)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

 



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер