“Диплому жасалма” делген Зарылбек Сатаев кылы кыйшайбай эле иштеп жатканы кандай?..


Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, учурда аталган тармактын аналитикалык-эксперт бөлүмүнүн башчысы Зарылбек Сатаевдин “диплому жасалма” деген уу-дуу кептер тээ кыш чилдеде эле айтылган эмес беле? Андан бери 10 айга чукул убакыт ɵттү. Бул боюнча тергɵɵ иш эмне болгонун, ал иш сотко жетип-жетпегенин, Сатаевдин диплому жарактуу же жараксыз деп табылганы боюнча коомчулукка ачык маалымат айтылыш керек эле. Бирок эмнегедир күңүрт боюнча турат. Ошентип, “диплому жасалма” делген Зарылбек Сатаев кадимкидей эле иштеп жүрɵт го? Кылы кыйшайбай. Тескерисинче, аудиторлуктан бөлүм башчылыкка секирик жасоодо. Мыйзамдуу жол менен караганда, өткөн чагы шек саналып, коомчулукка аты аталган соң Зарылбек мырза убактылуу кызматтан четтеп турса акыйкаттуу тергɵɵ болмок. Бул эргул кезинде оор кылмышка шектелгенде дагы «бармак басты, кɵз кысты» менен оңой кутулуп кеткенби? Ал иштин жанында бул диплом чуусу шоона эшпей калдыбы? Айтор, Зарылбек Сатаевдин «жасалма диплом» деген чуусу «кан буугандай» токтой турганына бɵркүбүздөй ишене берелиби?..
"Азия Ньюс" гезити











