Коронавирус организмде 7 айдан ашуун сакталат
Коронавирус организмде бир нече ай сакталышы мүмкүн. Мындай бүтүмдү АКШнын улуттук ден соолук институтунун окумуштуулары чыгарышты.
Алардын изилдөөсү «Nature» журналына жарыяланган. Илимпоздордун айтымында, адам коронавирустан сакайса да COVID-19 жүрөк кан тамырга, дем алуу жана нерв системасына таасир этүүнү уланта берет.
Коронавирус дем алуу органдарынан тышкары дагы кайсы органдарга тарай турганын жана канча убакытта организмден чыга турганын билүү максатында окумуштуулар COVID-19дун кесепетинен көз жумган 44 маркумду союп, изилдөө жүргүзүшкөн. Илимпоздор белгилегендей, коронавирус оорусу жеңил өтсө, же белгилери байкалбаган учурда да адамдын организминде жайыла берет. Жаңы ооруп баштаганда коронавирус дем алуу системасынан тышкары башка ткандарда тарап, 7 айдан ашуун сакталышы мүмкүн.
«Андан тышкары COVID-19 вирусу коронавирус жуккандан 230 күн өткөндөн кийин мээден табылды» деп айтылат изилдөөдө.