Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Түмөнбаев, ЖК депутаты: “Советбек Жумадыловдун айкелин тургузуу керек”

Акылбек Түмөнбаев, ЖК депутаты: “Советбек Жумадыловдун айкелин тургузуу керек”

01-март, 18:28
843 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акылбек Тогузбаевич, Жогорку Кеңештин жыйындарында сиз бир нече жолу депутаттар тоолуу аймактарга деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктиктеги жерлерди киргизишкендерин, бирок ал президентке 2000 метр болуп барып калганын айттыңыз эле. Эмне себептен андай экен, иликтеп көрдүңүзбү?

-Азыр комиссия карап атат. Анын жыйынтыгы менен билинет го. Анткени, депутаттар сунуш кылганда аны өкмөт (ал кезде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эле) кабыл алган. Кийин эле урматтуу президентибизге кол коюуга барганда 2000 метр болуп барып калыптыр. Муну подлог деп коёт. Документти жасалма кылышкан. Комитеттен кеттиби, аппараттанбы, ал боюнча териштирүү жүрүп жатат. Ким экени аныкталса, жоопкерчиликке тартылат. Комитеттин төрагасы ар бир беренесин, пункттарын карап, көзөмөлдөп кол коюшу керек эле.

-- Сиз бүгүн белгилүү театр жана кино чебери Советбек Жумадылов боюнча да жакшы маселе көтөрдүңүз. Андай чыгаан инсандар унутулуп калбашы үчүн кандай иш-чаралар зарыл деп эсептейсиз?

-- Бүгүнкү күндө айкелин тургузуп, юбилейлерин өткөрүшүбүз керек. Жаштарыбыздын көпчүлүгү бизнеске кетип, маданият жагына: театр, кино дегендерге көп аралашпай калышты. Ата-бабаларыбызды эстеп, алардын кадыр-баркын көтөрсөк, жаштарда да кызыгуу пайда болот эле. Бизнес менен алектенип, өзүнчө бака-шака болуп эле жүрө бербей, маданиятка да көңүл бурушмак. Белгилүү да, маданияты жок эл көрксүз.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер