Акыркы кабарлар
» Саясат » Алмамбет Матубраимов калыс кебин айта албай, аксакалдыктан тайгандай
Алмамбет Матубраимов калыс кебин айта албай, аксакалдыктан тайгандай
17-ноябрь, 19:48
289 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Аскар Акаевдин учурунда жол таап, карьералык секирик жасап, спикерлик креслого чейин көтөрүлгөн Алмамбет Матубраимов тууралуу азыноолак кеп салалы. Бул киши соңку убакта бийлик төбөлдөрүнө жагынып, “дүжүр эксперттей” маектерди берип, жагынып бүтө албай жаткан чагы. Улам бир чоңдун эшигин сүзүп кирип, тынчыбай жүргөнүн кантесиңер? Эл астында калыс кебин айта албай, эски адатынча айландыруу менен гана амалданат. Жетимиштен ашканда адилеттүүлүктү оозанбай, аксаганы ушулбу? Качан аксакал болот? Баары жетиштүү эмеспи. Илгери эле байлыкты жыйып койгон... Күйөө баласы Таалайбек Масабировдун кесиби туура келбесе да убагында бажыга киргизип, чоңойтуп, олигархка айландырып салганы жалганбы? Дагы эмне керек? Төрдө отурчу убакта жулкуна берсе, эл деле тескери ойлойт го...
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити