Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайрат Итибаев: “Экономикалык мунапыс жакшы натыйжа бербей калды”

Кайрат Итибаев: “Экономикалык мунапыс жакшы натыйжа бербей калды”

19-ноябрь, 12:48
1 476 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарынын бюджетине быйыл 700 миллион сомдой киреше кирбей калды. Республика боюнча бул көйгөй андан да олуттуу. 2021-жылы бюджеттин тартыштыгы 7 миллиард сом болот. Алдыдагы экономикалык туңгуюктан чыгууга жол барбы? Бул суроого жооп алууга экономика боюнча эксперт Кайрат Итибаевге кайрылдык.

-- Бишкек шаарынын эле бюджетине 700 миллион сом киреше кирбей калганы айтылды. Жалпы республика боюнча цифра бир топ жогору. Бул абал менен өлкөнү жакынкы күндөрү кандай абал күтөт? Эмне кылуу керек?

-- Экономикалык кырдаал абдан оор болуп турат. Өзүңүздөр байкагандай, 2020-жылы бул кырдаалдын курчушуна эки чоң себеп болду: эпидемиологиялык абал жана 5-6-октябрдагы ыңкылап (бийликти күч менен алуу) кесепеттеринен экономикалык жагдайыбыз оор учурга дуушар болуп, көбүнчө ишкерлер капиталын чыгарып кетүүдө. Натыйжада, сомдун куну түшүп, баалар өсүп жатат. Пандемия маалында көп ишкерлердин иштери жүрүшпөй, салык төлөмөк тургай, таптакыр куржалак калгандары да арбын болду. Бул күндөрү да пандемиянын зардабын тартып, толук кандуу мурдагы жашоого кайтып келе албай жатабыз. 

-- Улам доллардын курсу да өзгөрүлүүдө...

-- Ооба. Доллардын көтөрүлүүсү токтоп калган жок. Өткөндө белгилегендей, жазга маал дагы баалардын көтөрүлушү күтүлүүдө. Дагы 15-20% көтөрүлөт. Азыр тамак-аштын тартыштыгы эмес, баалардын көтөрүлүшү байкалууда. Айрыкча орто катмардан төмөнүрөөк калк жапа чегүүдө. Мугалимдер, дарыгерлер, жөнөкөй катардагы адистер, андан тышкары, пенсионерлер жапа чегүүдө. Алдыда кышты кантип өткөрүү маселеси турат. 

-- Жаңы бийликтин каражат табууда аксап атканын кайда жашырабыз?

-- Албетте, эң биринчиден, карыз сураганга муктаждык жаралууда. Экинчиден, экономикалык мунапыс боюнча жакшы схема иштетилип чыкпагандыктан, натыйжа бербей калды. Үчүнчүдөн, бийлик бутактары легитимдештирилип жөнгө салынгандан кийин гана карыз алганга мүмкүнчүлүк болот. Ал үчүн кадр саясатын түздөп, жакынкы күндөргө планды иштеп чыгып, структуралык реформаларды белгилеп алгандан соң жакшы жетишкендиктер болуп, кредит алганга жол ачылмак. Негизги соода өнөктөшүбүз Россияга көз карандылык пайда болууда. Ошондой болсо да Россия менен мамилени бекемдеп турган оң. Биздин тарткан арабабыз оор. Элибизди келе жаткан сууктан, пандемиядан, экономикалык оорчулук, кымбатчылыктан чыгарып кетүү жолун табуу шарт.

Билимдүү, илимдүү жаштар келип, чукул реформалар жасалса жакшы болмок. Салык, бажы төлөмдөрү менен өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылып жүргөндөрдү кыйнабай, айрыкча ири компаниялар менен сүйлөшүп, аларга кандайдыр бир административдик жеңилдиктерди берип, жарым жылга болсо дагы фискалдык административдик жеңилдетүүлөрдү жөнөкөйлөштүрүп, мамлекеттик ички карыздарды да жөнгө салбасак болбойт. Чоң компанияларга сунуштап, корголгон бюджеттин статьяларын төлөтүп, 2021-жылдын казыналык кем-карчын биздин өкмөт менен бирге иштеп чыгышы керек. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер