Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чубак ажы карантинде ооз ачардын сообун кантип алууну айтты

Чубак ажы карантинде ооз ачардын сообун кантип алууну айтты

24-апрель, 12:37
959 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

24-апрелден тарта Орозо айы башталып, ооз бекитилди. Орозо тууралуу маалыматтар аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун “Марал” радиосу аркылуу берген сабактарына топтолгон.

Уктап калсаңыз…

Ооз бекитүүгө тура албай калган адам эч нерсе жебей туруп, ойгонору менен дароо ниет кылуусу керек. Бирок бул жерде маани берилиши керек болгон бир жагдай бар. Сиз 12ге чейин туруп, дароо ниет кылсаңыз жарай берет. Кээде ооз бекитүү убагынан көп өтпөй ойгонуп же унутуп калып, суу ичип алып ниет кылгандар бар. Мындай Орозо өтпөйт. Ал эми саат 12ден кийин ниет кылынган орозо да кабыл болбойт.

Саарлыкка туруңуз. Бул – сүннөт!

Эрте менен саарлык ичүү – сүннөт. Ооз ачар маалында тоюп жеп алып, эртең менен тамактанбай коюу – туура эмес. Анткени Орозонун максаты – ашказанды кичирейтип, аны эс алдыруу. Ошол үчүн ооз ачканда чектен ашыкча жеп алган учурлар болот. “Көп жеп алып, ичиң жарылса, сооп болот” деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Мухаммед пайгамбар да: “Саарлыкка тургула, анда береке бар” деп осуят кылган. Дагы бир көңүл бурулушу керек болгон жагдай, ооз бекитүү убактысына аз калганда жабуу керек. Мисалы, 4:05те ооз бекитилиши керек болсо, күтүп 2-3 мүнөт калганда жабуу керек. Бир-эки саат мурда жеп, жаап койгон жакшы эмес.

Мусулмандын Орозосунун өзгөчөлүгү – саарлык жегенинде. Эгерде чаңкап калуудан корксоңуз, тамактан соң 200-400 грамм жылуу суу ичип алсаңыз, суусунуңуз канып жүрөт.

Бала эмизген аялга орозо парзбы?

Боюнда бар жана бала эмизген аялдар Орозодон бошотулат. Буга карабастан Орозо кармоого аракет кылуу – көр такыбалыкка жатат. Бул аракет баланын ден соолугуна терс таасирин бериши толук мүмкүн. Эгерде бала 2 жаштан өтүп, өз алдынча тамак жеп баштап, сүткө муктаждык жок болсо, кармоого болот.

Кайсы оорулуулар орозодон бошотулат?

Ооруп жаткан адам Орозо кармаса, дарты дагы да күчөп кете турган абалда болсо;

Ооруп жаткан адам Орозо кармаса, сакаюусунун мөөнөтү узарып кете турган болсо;

Эч жери оорубай, бирок Орозо кармаса, ооруп калуу ыктымалы көп болсо, Орозодон бошотулат. Бирок бул себептерди дарыгердин чечими тастыкташы керек. Өз алдынча бүтүм чыгаруу парзды аткаруудан бошотпошу мүмкүн.

Кандай дарылар Орозону бузат?

Көзгө тамызылган дарылар Орозону бузбайт. Мурунга тамызылып, андан ары тамакка кирип кете турган болсо, Орозо бузулат. Кулакка тамызылган май бузат да, суу бузбайт. Мурунга, оозго улам дары чачып турушу керек болгон адамдар бар. Эгерде башты ылдыйга каратып чачып, мурундан же ооздун ичине кирип кетпей турган болсо, жарай берет. Ичине кирип кеткен абалда Орозо бузулат.

Таравих кандай окулат?

Азыркы шартка байланыштуу таравих намазы үйдө окулат. Шарияттын талабы боюнча бул намаз 20 рекеттен турат. Үй-бүлө менен окулган учурда атасы имамдыкка чыгып, балдары, жубайы жана кыздары анын артында туруп окуганга уруксат бар. Айрым интернет булактарында намаз шамдан кийин окула берет деген маалымат тараган. Бул таравих куптан намазынан соң гана окулушу керек. Сөзсүз түрдө 20 рекетти 2 же 4 рекеттен кылып, үзбөй окуу керек деген талап жок. Ортодо токтоп, китеп окуп же башка амалдарды кылып, андан соң улантса болот. Онлайн түрүндө жана башка үйдө жашагандар менен чогуу окууга болбойт. Негизи, Куранды хатым кылып окуган жакшы. Эгерде сүрөөлөрдү билбесеңиз, билген сүрөөлөрдү кайталап окуй берсеңиз, жарай берет.

Карантинде ооз ачардын сообун кантип алабыз?

Негизи, башкаларды ооз ачарга чакырган адам Орозо кармагандын сообун алат. Бирок азыркы кырдаалда бул амалды ишке ашырууга мүмкүн болбой турат. Ошол үчүн жардамга муктаждарга же Орозолорго каржылык жаткан жардам берип, болбосо азык-түлүк алып барып берүү да ошондой эле соопко ээ кылат.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер