Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элчи Жекшенкулов мигранттарга өзгөчө макам берилишин жактайт

Элчи Жекшенкулов мигранттарга өзгөчө макам берилишин жактайт

05-март, 14:58
589 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Кыргызстандын жана Россиянын канатташ жылынын алкагында Москвада эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, мамлекеттик Думанын депутаттары жана дипломаттар Евразиялык экономикалык биримдиктин эмгек рыногунун жана миграциянын перспективаларын талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов эки өлкөнүн стратегиялык максаттарынын бири – бул товарлардын, кызмат көрсөтүүнүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын эркин айлануусун  камсыздоо экендигин белгиледи.

Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, Россия менен Кыргызстан биринчи кезекте мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук абалын жакшыртууга, социалдык коргоонун деңгээлин көтөрүүгө максимум аракет жумшоолору керек.

Ал барган жеринде миграциялык каттоого алуу сыяктуу актуалдуу проблемаларды жакшыртуу зарылдыгын кошумчалады. Турак жай ээлери жана иш берүүчүлөр миграциялык каттоого коюлгандыгы тууралуу билдирүүнү  компетенттүү органдарга дайыма эле бере беришпейт. Бул процедуранын өз учурунда жасалбаганы мигранттарды автоматтык түрдө легалсыздардын макамына түшүрүп салат.

Кыргыз жарандарынын Россияда болуу эрежелерин бузганы аларды административдик жоопкерчиликке, атүгүл келүүсүнө чектөө киргизүү сыяктуу чараларга дуушар кылат. Мына ушунун натыйжасында он миңдеген мигранттар   бүгүнкү күндө “кара тизмеге” илинип калышкан.

Майда-барат тартип бузгандар, анын ичинде такси айдап иштеген   кыргызстандыктар жолдо жүрүү эрежелерин бузганы үчүн Россияга кирүүгө тыюу салынат. Бул проблемаларды чечүү үчүн Кыргызстан ЕАЭБ жөнүндөгү келишимге эгер административдик тартип бузуулар үчүн айып пул төлөгөн болсо, чектөө чараларын алып салуу боюнча кошумча долбоор киргизди.

Үй-бүлө мүчөлөрүнө, өзгөчө жашы жете элек балдарына милдеттүү медициналык камсыздандыруу да мигранттар үчүн өтө маанилүү болуп саналат. Аликбек Жекшенкулов белгилегендей, Кыргызстан тарап медициналык жардам   Россиянын жарандары менен бирдей шартта көрсөтүлүүгө тийиш экендигин талап кылууда.

Келген максатын көрсөтүүнү талап кылуу да мигранттарды көп ыңгайсыздыктарга дуушар кылат. Мисалы, “окуйм” деп барып, бирок, Россияда иштеп калгысы келген кыргызстандык өлкөдөн чыгып, “иштейм” деген максатты көрсөтүү менен кайра барууга тийиш.

Кыргызстан тарап кирүү маселеси ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногунда эмгек ишмердүүлүгүнүн эркин ишке ашуусуна жолтоо болбоого тийиш деп эсептейт.

Союз жөнүндөгү келишимге кирүү максатын Россиянын аймагынан чыкпай туруп эле өзгөртүүгө укук берген тийешелүү өзгөртүүлөр долбоорун Кыргызстан колдоого алды. Кыргызстан ошондой эле узак мөөнөттүү (бир жылдан ашуун) эмгек келишими бар мигранттарга өзгөчө макам берүү боюнча комиссиянын   демилгесин да колдоого алды.

Премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратов мигранттар Кыргызстанга акча которгондо анын суммасы чектелбөөгө тийиш экендигин белгиледи.

Талкуунун катышуучулары Кыргызстан тарап көтөргөн маселелердин көбүн колдошту. Аликбек Жекшенкулов мигранттардын көйгөйлөрү Евразиялык экономикалык комиссиянын аянтчасында, кызыкдар тараптардын баарынын катышуусу менен талкууга алынарын маалымдады.


 24.kg

"Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер