Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Альтернативалык жолдор болбосо, тыгын маселеси татаалдаша берет”

-- Жанар мырза, “жолдордун курулушун көбүрөөк ички инвесторлорго бериш керек” деген сунуш айттыңыз. Мындай долбоорлорду ички инвесторлорго берген эмнеси менен пайдалуу?
-- Мен мисал катары Өзгөндөгү айланма жолду келтиргим келет. Ош, Баткенге бараткандар бул жолго салып, дээрлик бир саат убактысын үнөмдөп калганга мүмкүнчүлүк алышты. Ал жолдон күнүгө миңдеген машина жүрүп атат. Себеби, биринчиден, автотыгын жоюлууда. Экинчиден, убакыттан үнөмдөп жатышат. Ушундан улам Ош шаарын айланып, Ноокат, Баткенге кетүүчү жолдордун курулушун да жеке өнөктөштүккө бериш керек. Олигархтар ал жолдорду көтөрүп кетишпейт, ушу жерде калат. Мына, ата-бала Сулаймановдор баштап беришти, эми калганы уланта беришсин. Бабанов баштайбы, дагы башкасы салабы?.. Ал жолдорду ким салганы маанилүү эмес. Экинчиден, той-топур өткөргөн ресторан курганга караганда, жол салган сооп дагы. Азыр мендеги маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 1 миллион 600 миңдей унаа бар. Андыктан, альтернативалык жолдор болбосо, тыгын маселеси татаалдаша берет. Дагы бир жагы, биз тышкы кредиттердин эң көп бөлүгүн энергетика тармагына, анан жол курууга алыптырбыз. Анын баарын төлөш керек да. Андан көрө өзүбүздүн ички инвесторлорго бергенибиз пайдалуу эмеспи. Бул бүт дүйнөдө колдонуп келаткан практика.
-- Жакында эле Лейлекке барып келген турбайсызбы. Шайлоочулар менен жолугуштуңузбу?
-- Ооба, чек аралаш аймактарды кыдырып, алардын көйгөйлөрүн, жаңы келишимдерге көз караштарын уктум. Көпчүлүгү “акыры чекит коюлушу керек эле” деп биздин жетекчилерге ишенип, колдоп турушат. Депутаттар барган сайын биринчиден, аларда дух пайда болот. Экинчиден, биз куру кол барбай, төраганын фондусунан интернетке кирип, дүйнө менен байланыша алган эң заманбап интерактивдүү панелдерди ала бардык. Мурдагы барганда чек аралаш айылда жашаган бир үй-бүлөгө элден чогултуп, бир унаа алып бердик эле. Бул жолу барганда “ошол унаа аябай ишке жарап, балдарды багып атам” деп ыраазычылыгын айтты. Лейлекке өзү мен тез-тез барып турам...
"Азия Ньюс" гезити