Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эсен Шерботоев: “Өнүккөн өлкөлөр маалымат алууда гезиттерге басым кылышууда”

Эсен Шерботоев: “Өнүккөн өлкөлөр маалымат алууда гезиттерге басым кылышууда”

08-октябрь, 21:08
1 403 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Эсен Шерботоев мырза менен кеп учунан маек кылганыбызда ишкананын жакынкы арадагы ишмердүүлүгү, гезит-журналдарга жазылуу, пенсия, эл аралык посылка жана эмгек жамааттын айлык акылары тууралуу айтып берди.

-- Эсен мырза, «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасы бүгүнкү күндө эмне менен алек?

-- Азыр “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасы республиканын аймагында 48 райондук жана шаардык филиалдары жана 872 байланыш бөлүмдөрү аркылуу калкка кызмат көрсөтүп жатат. Азыркы учурда почта кызматы өткөөл мезгилде турат. Союз кезинде калыптанган принциптер түп-тамыры менен өзгөрүлүп, калкка кызмат көрсөтүүнүн жаңы ыкмалары киргизилүүдө. Мурда пенсия, жөлөк пулдарын төлөө, кат-кабар, посылка, гезит-журналдарды жеткирүү башкы максат болсо, азыр ушул эле жумуштар заманбап жаңы жолдор менен ыкчам аткарылууга өтүп жатат. Кызмат көрсөтүүнүн жаңы түрлөрү киргизилүүдө. Эл аралык акча котормолору толук кандуу банктагыдай эле ишке кирген. Мисалы, Россиядан же башка жерден акча которсо 15 мүнөттө эле келет, ал эми буюртма кат же посылка жөнөтсөңүз, атайын система аркылуу кай жерге жеткенин билсеңиз болот. Азыркы күндө Дүйнөлүк банктын долбоору менен байланыш бөлүмдөрүн автоматташтыруу иши жүрүп келет. Бул долбоордун алкагында каалаган байланыш бөлүмүнүн жумушун, б.а. “Бүгүн канча акча түштү? Канча төлөндү?” деген сыяктуу маалыматты көрсөңүз болот. Бул биринчиден, ыкчам көзөмөл, экинчиден, байланыш бөлүмүнүн кызматкерлеринин эмгек, финансы тартибин сактоодогу жоопкерчилигинин өсүшү болот. Андан тышкары, пенсия, жөлөк пул төлөө, гезит-журналдарга жазылуу, коммуналдык төлөмдөрдү кабыл алуу дагы автоматташтырылган. 

-- Союз маалында почтонун атайын транспорт каражаттары аркылуу элдерге кат, посылкалар ж.б. жеткирилчү. Азыр бул жаатта акыбал кандай?

-- Бүгүнкү күндө деле магистралдык маршруттар менен жана шаарларда жумасына 5 жолу, ал эми айыл жерлериндеги байланыш бөлүмдөрүнө 3 жолу машина менен жеткиребиз. Тилекке каршы, өзүбүздүн автопарк эскирди, жетишпеген жерлерде келишим менен жалдап иштетебиз. Бирок автопаркты жаңылоо жакынкы пландарыбыздын бири болуп турат. 

-- Кызматкерлердин айлыгы аз болгондуктан жаштар бул жумушка келишпейт, туурабы?

--Тилекке каршы, бул туура көйгөй. Айлыктын аздыгынан жаштар жумушту үйрөнүп алып эле башка жумуштарга, айрыкча банктарга кетип калышууда. Бул маселени чечүү үчүн кошумча киреше булактарын издеп, биринчи кезекте почточулар менен операторлордун айлыгын көтөрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Биз пландап жаткан долбоорлор ишке кирсе, биздин ишкана акыркы технология менен жабдылган, тез өздөштүрө турган заманбап өндүрүштүк айлампага айланат деген үмүттөбүз.

-- Гезит-журналдарга жазылуу иш-чарасы аябай эле солгундап кеткен сыяктуу, сизге кандай туюлат?

-- Интернет маселеси гезиттерге бир аз тоскоолдуктарды жаратып жатканы байкалат. Бул эми убактылуу нерсе. Азыр өнүккөн өлкөлөрдө баары сотка тиктебей калышкан. Көпчүлүгү кайрадан гезитке өтүүдө. Анткени, сотканын зыяндуулугу бар экенин түшүнүштү. Америка, Европа баардык маалыматтарды, аны сактап калууда гезиттерге басым кылууда. Бизде ар бир гезит-журналдар менен келишимдер бар. Кайсы гана окурман болбосун, каалаганына жазылса болот. Мурун мамлекет тарабынан мажбурлап, “тиги же бу гезитке жазылгыла” деп милдеттендирилчү. Демократиянын шартында мындай нерсе каралган эмес. Эч кимди мажбурлай албайбыз. Эгер окурман кайсы гана гезитке, журналга жазылбасын, аны колдон келишинче каалаган санда, көлөмдө өз убагында жеткирип берүү – биздин милдет. Азыр ар бир почто бөлүмдөрүндө “Гезит-журналдарга жазылгыла!” деген көрнөк-жарнактар илинип турат. Бул иш-чара дагы да улана бермекчи. 

-- Жакында кесиптик майрамыңыздарды белгилегени турасыздар, бул майрам жөнүндө баяндап берсеңиз...

-- Бүткүл дүйнөлүк почта уюму 1874-жылдын 9-октябрь күнү Берн шаарында түзүлгөн. Ошол күндөн бери бул майрам бүткүл дүйнө боюнча почта күнү катары майрамдалып келет. Бүгүнкү күндө БПУ курамына 192 мамлекетти камтыган, эл аралык жана өкмөттөр аралык уюм катары Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген уюму статусуна ээ. «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасы 1993-жылдан бери аталган уюмдун толук укуктуу мүчөсү жана Кыргыз Республикасынын бул уюмдагы атайын байланыш оператору болуп саналат. 

«Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын жамааты дагы майрамдык маанай менен баардык райондук, шаардык филиалдарда иш-чараларды өткөрүшөт. Бул аптада Кыргызстанда «Каттар жумалыгы» деген акция өтүүдө. Эпистолярдык жанрдагы каттар боюнча мектеп окуучуларынын арасында «Ковид-19 пандемиясы учурунда өз тажрыйбаңыз жөнүндө үй-бүлө мүчөсүнө кат жазыңыз» деген темадагы каттар сынагынын жыйынтыгы да чыгарылат. Андан тышкары, алдыңкы кызматкерлерди санариптик өнүктүрүү министрлигинин, республикалык профсоюздар кошуунунун жана өзүбүздүн Ардак грамота, төш белгилер ж.б. сыйлыктар менен сыйлоо аземи өтөт. 

Учурдан пайдаланып, сиздердин гезит аркылуу баардык кыргыз почтасында иштеп аткан кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, үй-бүлөлөрүндө аманчылык, иштеринде ийгилик каалап кетмекчимин!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер