Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргыз-өзбек чек арасында көз жумган кыргызстандыктардын сөөгү өткөрүлүп берилди
Кыргыз-өзбек чек арасында көз жумган кыргызстандыктардын сөөгү өткөрүлүп берилди
06-апрель, 12:11


Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасында ок жеп каза болгон эки кыргызстандыктын сөөгүн өткөрүп берди. Бул тууралуу чек ара кызматы билдирди.
Эске салсак, 6-апрелге караган түнү кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстандын эки жараны ок жеп көз жумган. Маалым болгондой, 5-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылында Кыргызстандын бир нече жараны контрабандалык жүктү Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан. Аткезчилер өзбек чек арачыларынын талабына баш ийбей, ортодо чыр чыгып, натыйжада чек арачылар өз өмүрүн коргоо үчүн курал колдонгон. Башка аткезчилер Кыргызстандын аймагына качып кетүүгө үлгүрүшкөн.










