“Кыргызстан боюнча изилдөөлөр бар, көптөгөн туристтер экинчи жолу келгиси келишпейт”
-- Жылдан жылга Кыргызстанга келген туристтердин саны көбөйө баштаган эле. Натыйжада, бетке чиркөө окуяга күбө болдук. Пакистандык студенттердин сабалышы, кордук көрүшү абалды кайсы жагына өзгөртөт?
Арсланбек Кененбаев, финансы иликтөөчү:
-- Кыргызстан дээрлик аз экспорттойт. Экинчи жагынан товарлар да чектелүү. Бизде туризмден жетиштүү акча агымы бар жана ал жыл сайын өсүүдө. Ар кайсы багыттарга каттамдар көбөйүп, туристтердин саны арбып бара жатат.
Ал эми Россиядан, Пакистандан, Индиядан көбүрөөк адамдар келе баштаганы ырас. Араб өлкөлөрү да биз үчүн маанилүү. Эгерде өткөн окуя башка кырдаалдарда дагы кайталана турган болсо, анда бул албетте туризмге абдан терс таасирин тийгизип, сокку урулат, бирок мамлекет чара көрсө, күнөөлүүлөр жазасын алат деп ойлойм.
Көптөгөн өлкөлөрдө чет элдиктерди коргогон туристтик полиция бар. Анткени чет элдиктер башка жакта өзүн бир аз коргонуусуз, ыңгайсыз сезишет, ошондуктан аларды калкалоо зарыл. Кыргызстан боюнча изилдөөлөр бар, көптөгөн туристтер экинчи жолу келгиси келишпейт, бул тейлөө деңгээлине жараша да. Андан кийин алдамчылык же башка мамиле болушу мүмкүн. Аэропортто да бир нече таксисттер иштешет. Алардын ынтызарлыгы ансыз деле элди үркүтөт. Ошондуктан биз бир жолу келген туристтердин өлкөсү болгубуз келбесе, анда тейлөөнү жана меймандостукту жогорулатуубуз керек. Себеби, көбүнчө туристтер биздин өлкөгө инвестиция салышы мүмкүн, андыктан биз реакция кылып, келечек үчүн тез арада шашылыш чара көрүү шарт.
Бакыт Бакетаев, саясый талдоочу:
-- Пакистандык студенттердин сабалышы, кордук көрүшү – бул үчүнчү күчтөрдүн таасири аркылуу жасалган. Топтолгон балдардын арасында атайын акыбалды кызытып, калп эле патриоттук чакырыктарды жасашып, бирок провокаторлорду видеолордон оңой эле көрсөк болот. Мындай провокаторлор атайын окуудан өткөн, даярдалгандар. Качан, кайсы жерден, кандай чыкырыктарды кыйкырып, кайсы жакка толпаны ээрчитип барыш керек экенин үйрөнгөн балдар. Булардын максаттары: тополоң уюштуруп, мародерлукту баштап, андан кийин бийликке кол салуу.
Биринчи мушташ чыккан видеодо чет элдик студенттердин арасында дагы чагымчылдык кылгандарды байкасак болот. Жерге кулап калган адамды эркектер тепкилебейт. Мындай кылыкты атайын акыбалды козутуш үчүн провокаторлор жасайт. Биринчи видеону тараткандар күнөлүү жана чагымчылдык ишти жасаган, ошол бузукуларды издеш керек. Бишкек шаардык милициянын тийешелүү кызматкерлери башынан мындай иштердин алдын алыш керек. Ушул сыяктуу окуялар бышып, жакындап келаткан кырдаалдар жөнүндө былтыр эле жазып чыкканбыз.
Темирлан Аскеров, жарандык активист:
-- Негизи туризмди өнүктүрүүгө чоң долбоорлор пландалып жатканын укканбыз. Президенттен жана өкмөттөн чаралар көрүлүүдө. Инвесторлор чоң акча менен келгенде, ошол эле Каркыра жана Байтиктин үч чокусуна дүйнөлүк стандартка туура келген кластерлер курулары айтылган. Ошолор ишке ашып калса, туристтердин да саны көбөймөк. Дүйнөдө туристтердин ар кандай түрлөрү бар. Мисалы, медициналык туризмде бизде көп жылыштар боло элек. Ошондуктан туризмди бир эле көлгө түшүп эс алып кетип эмес, медициналык жана билим берүү жагын да колго алсак, абдан чоң каражат алып келет экен. Билим берүү министрлиги өз тармагы боюнча туризм 12 миллиард сомдон 18 миллиард сомго чейин киреше алып келерин айтты. Биз муну туура багытта жүргүзсөк, 200 миллиардга жеткирсек болот. Болуп өткөн окуялар атайын уюшулганы да байкалып турат. Чагымчыл күчтөр аракеттенген. Менин пикиримде, бул ички жана тышкы көралбаган душмандардын кылганы. Кыргызстан эч качан өнүкпөшүн каалаган да күчтөр бар. Кыргыз мамлекети өзүбүзгө гана керек. Ошон үчүн өнүктүрүүнү колго алгандан кийин аягына чейин чыгаралы.
Коомду маалымат жагынан туура камсыздоо шарт. “Ушундай кылмыш болду. Биз кармадык” деп баарын ачык айтуу абзел. Туура эмес маалыматтардын айынан кызуу кандуулукка алдырып, кыргыз элин уят кылышты. Пакистандыктар эле эмес, керек болсо дүйнө жүзүнүн студенттери бизден келип билим алса, өлкөбүздү жана билим берүү жаатын дүйнөлүк брендге айлантмак. Ошондуктан баарын нукка салып, мыйзам бузгандар жооп берип, студенттердин коопсуздугун камсыздасак, кыргыз эли утат. Мамлекеттүүлүгүбүздүн мындан ары алга кетишине да абдан чоң өбөлгө болот.