Бийликке болгон ишенимди Гуля Алмамбетова чөмүчтөп чачууда
Бишкек мэри Азиз Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алмамбетованы өкмөт чексиз эркелетип жиберди. Буга чейин ал арбын сөгүнгөн, ар кимди мазактаган, акыры көп балалуу үй-бүлөлөргө асылып, жек көрө турганын жазган. Дайыма коомчулукту иренжитип, элдин кыжырына кабылып келет. Өнөкөткө айланды...
Тилекке каршы, Гуля Алмамбетова богооздугу үчүн жоопкерчиликке тартылмак турсун, эң кур дегенде кызматынан четтетилбей келет. Азиз Суракматовдун бийликте ушунча кадыры күчтүү экен, кеңешчисин жанынан карыш жылдырбай коргоп алууда. Бирок, эл карап турбайбы! Канча деген карапайым адамдар сөгүнүшүп, камалып тынышты. Жаштык кылгандар болду, эмоцияга алдырышты. Бирок күч органдары аяшкан жок да. Айып пул деле салышса болбойт беле? Камалышкан... Ал эми бул Бишкек мэринин сөгүнчөөгү тайраңдап жатат! Кызматка кайра алынгыс кылып жоготушпайбы? Адилеттүүлүк кайда?
Тескерисинче, соцтармактардан Гуля Алмамбетованы жалданма жазгычтарга, фейктерге мактатып, сактап калууну ураандашып, түркүн амалга өтүштү. Таңгаласың да. Мэриянын кызматкерлери гуманитардык жардамдарды өз чөнтөктөрүнөн таратып жатышкан жок! Мамлекеттин жана кайрымдуу ишкерлердин бергендерин бөлүштүрүүдө. Ошон үчүн айлык, сыйлык алышат да...
Кыскасы, Азиз Суракматовдун “гумандуулугу” калың катмардын кыжырын кайнатып, бийликке болгон ишенимди чөмүчтөп чачууда. Дээрлик Борбор Азияга шылдың болуп атабыз. Аягы жакшылык менен бүтпөй калды го...
Aryba.kg