“Ишкерлерди кыйнаган салык, “кустуруу”, тартып алуу жана УКТга кошуп камоо саясаты болууда”


-- Буга чейин эле Кыргызстандан ийгиликтүү ишкерлер чыгып кетип атышса, соңку камоолордун кандай таасири тийет? Өкмөттүн бизнести өнүктүрүүгө натыйжалуу салымы барбы?

Эрнест Карыбеков, эксперт:
-- Камоолор адилетсиз орун алса, өлкө, экономика 80 пайыздан жогору энергоресурстарга көз каранды болсо, бизнес сыртка чыгат. Свет өчсө, электр энергиянын резерви камсыздалбаса да бизнес качат. Ошондой эле энергоресурстарга баа көтөрүлсө да, экономикалык түшүнүктө жөнөкөй саясат жок болсо дагы бизнес сыртка чыгат. Бизде баардыгы күнүмдүк саясат менен алек. Көп жылдык өнүгүү план жок.

Мавлян Аскарбеков, оппозиционер:
-- Бизнестин, экономиканын негизи – ишкерлер. Тилекке каршы, көптөгөн ийгиликтүү бизнесмен, ишкерлер чет өлкөгөлөргө кетип жатышат. Буга ишенимдин кетиши, элди, ишкерлерди кыйнаган салык, “кустуруу”, тартып алуу жана УКТга кошуп камоо саясаты болууда. “Мамлекеттик ишкана, аптека ачабыз” деген эски түшүнүк менен иш жүргүзгөн министрлер көп болууда. Бийликтин негизги милдети элге, ишкерлерге шарт түзүп берүү. “Биз мынча салык топтодук, казынаны көбөйттүк” деген туура эмес саясат жана аны кылууга көп деле акылдын кереги жок. Мамлекеттик органдарды оптимизациялоо, реформалоо, эффективдүү иштөөсүн камсыздоо, экономикага, ишкерлерге, инвесторлорго толук шарт түзүү, кепилдик берүү, сот реформасы, импорт, экспорт, логистиканы жеңилдетүү, каржы-насыя саясатын реформалоо, насыя пайыздарын төмөндөтүү, шарттарын жеңилдетүү, арзан, узак мөөнөттүү насыялар менен камсыздоо жана башка реалдуу кадамдарды жасаганда гана өнүгүү жолуна түшөбүз. Ал эми президентти, элди сандар, отчеттор, утопиялык, фантастикалык программа, пландар менен жайгара берүүдөн элдин жашоосу өзгөрүп кетпейт.

Ыргалай Бекмуратова, “Мээр жазы” уюмунун жетекчиси:
-- Эми “каралар” менен байланышы бар экен” деп баарын эле камай берсе, анын пайдасынан да зыяны көп болуп калышы мүмкүн. “Бизнесимди ар кайсы шылтоо менен тартып ала электе Кыргызстандан чыгарып кетейин” дегендер да болот. Ошон үчүн үй курган компаниялардын ээлерин “криминалдар менен кызматташыптыр” деп жапырт эле камай бербей, алардан үй алып, “бүтсө эле кирем” деп зарыгып күткөн жарандардын да бар экенин өкмөт эстен чыгарбашы керек. “Камайбыз” деп атып, Кыргызстанда бизнести тыптыйпыл кылып албашыбыз керек. Эптеп ошол бизнесмендер түзгөн иш орундарда иштеп, жанын багып жаткан адамдарды да эске алып, бизнесмендерди ашыкча эле кыса бергенди токтотуу зарыл. Ансыз да “салык” деп элдин жонтерисин сыйрып башташты. Башкасы кыйрап калгансып, квартирага үйүн берип жан баккандардан салык алуу аракети күч алды. Мына мунун баары карапайым элдин капчыгын жукартып, жашоосун оорлотконго барабар иш болуп жатат. Себеби, квартира ээси эч качан өз чөнтөгүнөн салык төлөбөйт. Квартирасын ижарага бергендерге төлөттүрүп, ижара акысын огобетер кымбаттатат.
Ишкерлерге колдоо мамлекет тарабынан анчалык деле болгон жок. Мындан ары мамлекет берчү пособиеден баш тартып, “бир жолу жүз миң сом алып, ишкерликти өнүктүргүлө” деген саясат деле болбогон иш. Андан көрө мамлекет жоктон бар кылган долбоорлорду колдосо болмок. Мисалы, “Мээр жазы” коомдук бирикмесинин инженери Шарипов Муктар Абдуллаевичтин “бир чакадагы суудан бекер жарык, бекер жылуулук” деген долбооруна эч ким колдоо көрсөткөн жок. Эгер ушул долбоор ишке ашып кетсе, эл жарык менен да, жылуулук менен дагы камсыз болуп, ар бир үйдө жумуш орундары түзүлмөк.










