Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтынбек Сулайманов кой-козуларды “убойный цехке” ээрчитип барган текедей болобу?

Алтынбек Сулайманов кой-козуларды “убойный цехке” ээрчитип барган текедей болобу?

16-сентябрь, 11:01
1 864 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Үч чакырылыштын депутаты Алтынбек Сулайманов саясатта кыйла такшалып, куулугу да артып, бышып турган маалга жетип калгандай. Өзү башында партиялык системаны жактап, анын ичинде преференционалдуу жолдо добуш берүүгө үндөп, мыйзамды да ушул жагынан бекемдетип таштаган. Мындайча айтканда, талапкерлердин тизмеси ачык жарыяланып, шайлоочулар аларды тандашат. Карапайым эл үчүн бул көрүнүш түйшүк жаратары бышык. Номерлерден адашуулар, дээрлик башаламандык орун алышы ыктымал. Кызык бекен? Мындай шартта Алтынбек Сулайманов бир топ саясатчыларды, ышкыбоздорду артынан ээрчитип, бир партияга биригүүгө ынтызар болуп аткан. Акырында кырдаалды терең түшүндүбү, альянс катары жалпылашуудан майнап чыкпасын сездиби, айтор, өзү Ноокаттан эле бир мандаттуу округдан аттанууга оолуга баштаптыр. Себеби, ал жактагы негизги атаандашы Төрөбай Зулпукаров түрмөдө отурбайбы. Анчалык деле айыгыша турган күчтөр жок. Мандат алууга шанс бар. Ушундан улам бир икая эске түшөт да. Баягы “убойный цехке” кой-козуларды ээрчитип барып, өзү башка тешиктен чыгып кеткен текенин ролун ойноп калдыбы? Азырынча дагы убакыт бар. Күтө туралы. Алтынбек Сулаймановду жандаган талапкерлер чын эле ара жолдо калышабы?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер