Эльвира көзүн көркөмдөп, оозун окшоштуруп, жаагын шимиткендей...
Бүгүнкү күнү көпчүлүк келбетине, дене-түзүлүшүнө өзгөртүү киргизгилери келишет. Адистер пластикалык операциялардын өнүгүүсү менен Кыргызстанда муну жасатуу өтө оңой болуп калганын айтышат. Айрыкча адистерге эриндерин, көкүрөгүн чоңойткусу келген ырчылар кайрылышат. Бирок, денесинин кайсы бөлүгүнө өзгөртүү киргизгендерин ачыктагылары келишпейт. Булардын арасында саясатчы, депутаттар да бар экени айтылып жүрөт. Аты-жөнүн жашыруун калтыргысы келген пластикалык хирург оозун, көкүрөгүн чоңойтуп, же сурма жасатышы ыктымал (!) деген белгилүүлөрдүн мурдагы жана азыркы сүрөттөрүндөгү айырмачылыктарды салыштырды.
-- Депутат Эльвира Сурабалдиеванын сүрөттөрүнөн эки-үч өзгөрүүнү көрө алабыз. Эльвира айым көзүнө сурма жасатып, оозуна аз-маз көлөм коштуруп, жаак булчуңдарын ичкертиши ыктымал. Шимитип. Анткени өзүңүздөр көрүп тургандай, алгачкы сүрөттөрүндө бети толмоч келип, көздөрү, ооздору кичирээк тартып, жымшыйып турат.