Устаттан өткөн шакирт бар


1980-жылдардын баш чагында Чүй районуна караштуу “Прогресс” колхозуна башкармалыкка шайланып, чарбадагы короо толо бузулган техникаларды көргөндө, “керектүү тетиктердин тизмесин түзгүлө аракеттенип көрөйүн” деп “Кыргызсельхозтехникага” келсем, катымды окуган башкы бухгалтер “180 миң сом карызыңар бар, төлөмөйүнчө уруксат жок” деп мыйыгынан күлүп койду. Жаңы таанышым, бирикменин улук инженери Эмилбек Узакбаев кийлигишип, “акыркы жолу болсун” деп башкы эсепчини ынандырды.
Айыл чарба техникасы тармагындагы мамлекеттик агроөнөр жай аппаратынын механизация бөлүмүнүн башчысы, “Агроснабтехсервис” бирикмесинин төрагасы, “Кыргызайылкөмөк” акционердик корпорациясынын президенти катары Узакбаев жыйынтыктуу иштеп, колхоз-совхоздордун материалдык-техникалык базасынын чыңалышына, жалпы республиканын эл чарбасындагы өндүрүшүнүн өнүгүшүнө олуттуу салымын кошкон.
1995-жылы Эмилбек Узакбаев КР Жогорку Кеңешинин депутаты, парламенттеги Эл өкүлдөр жыйынындагы агрардык саясаты боюнча комитеттин төрагасы, бир эле мезгилде, 1996-жылдын 28-сентябрындагы республиканын президенти Аскар Акаевдин указы менен Нарын облусунун губернатору болуп дайындалган. “Эки тизгин, бир чылбыр” колундагы мыйзамдын чегинде иш жүргүзүүгө даярдыгы, мекенчилдиги, ташкындаган энергиясы Узакбаевдин республикалык, айрыкча эл аралык байланыш деңгээли кескин көтөрүлө түштү. Касиеттүү Теңир-Тоонун босогосунда турганда, “мен элиме акжолтой болсом” деген алгачкы сөзүн айтты эле, Жараткан анын тилегин кабылдагандай. Парламенттин, аткаруу бийлигиндеги жана колунда бар жетиштүү бизнесмен досторунун көптөгөн мүмкүнчүлүктөрүн ылайыктай пайдаланган Эмилбек Узакбаев иштеген үч жылга жетпеген убакта бийик тоолуу, жылдын теңинен ашыгында кышы кетпеген региондо кандай алгылыктуу иштерди бүтүргөндүгү тууралуу өндүрүштүн күзгүсү саналган статистикага таяна кетели:
-- ар бир айыл өкмөтүндө дыйкандарды тейлөөчү техсервис уюштурулуп, агротехникалык иштер өз убагында аткарылган, күйүүчү майдын баасы салыштырмалуу өз баасынан арзан сатылган, натыйжада 1997-жылы былтыркыга караганда дан эгиндери 6697 гектарга көп себилип, жалпы түшүм 25600 тоннага өскөн, бир жылда картошка 13990 тоннага (30%), жашылча 2300 тоннага (40%) көп жыйналган. Түшүмдүүлүк дан эгиндери 25 центнерден, картошка 16,2 центнерге, жашылча 9,9 центнерге ар гектарынан жогорулаган. Малдын башы көбөйүп, эт өндүрүү 3, сүт 23, жумуртка 13 пайызга көтөрүлгөн. Жалпы айыл чарба продукцияларынын дүң жыйымы бир жылда 116 пайызга жеткен;
-- курулуш иштери 101,525 миллион сомго аткарылып, бир жылда 70,268 миллион сомго өсүш берген. 1997-жылы пособие жана социалдык пенсия чектөөгө облус боюнча 25782 көп балалуу энелерге жана аз камсыз болгон 73673 адамга 39145 миллион сом каржыланган. Чернобыль кырсыгында жапа чеккен 129 адамга 936360 сом пособие төлөнүп, путевканын компенсациясына 12500 сом берилген;
-- эл аралык фонддордон 29,8 тонна күрүч, 3976,8 тонна ун, 65,2 тонна кумшекер, 13,8 тонна суумай облус боюнча жарды жашаган 14640 үй-бүлөгө бекер таратылган. 1997-жылы 114026 миллион сомдук продукция өндүрүлүп, 16,3% өсүш берип, көмүр казып алуу эки эсеге көбөйгөн.
Окурманым тажабасын деген ниетте негизги цифраларга гана токтолдум. Салык жыйымын аткаруу 124 пайызды түзүп, мурдагыдан 51 миллион сомго ашык чогултуп, анын 39,145 миллион сомун каржыланган пенсия, пособие өз убагында төлөөгө калыптанган. Финансы министринин инструкциясына ылайык, пландагы салыктан ашык жыйналган сумманын 75%ы кайра облуска кайтарылып, көптөгөн каражаттардын жумшалышына өздөрү өңдүргөн продукциялар негизги себепкер болгон. Нарын шаарынын 70 жылдык юбилейине карата көптөгөн жылдардан бери бүтпөгөн ден соолук чыңдоочу борборго 2,263 миллион, облустук оорукананын хирургия бөлүмүнө 991,9 миллион, 36 квартиралуу үйгө 3,472 миллион, элүү орундуу мончого 4,490 миллион сомдук жумуштар аткарылган. Социалдык тараптан акы төлөө, пенсия, пособие менен камсыздоо 1998-жылга карата толугу менен тартиптелген эле.
Социалдык тармактын эң оор жүрөк сыздаткан жери ата-энеси жок кароосуз калган жетим балдар экендигин түшүнгөн Эмилбек Узакбаевич жаңы жыл алдында “Губернатордук балаты” уюштуруп, ага облустагы 390 балдарга белек, акчалай жардам көрсөтүп, республикада алгачкы жолу боорукердик саамалыкты даңазалаган. Келечекте жетим балдардын тагдырын соопкерчилик жолу менен биротоло чечүүгө Нарын шаарында “Келечек” балдар үйүн ачып, каражат бөлгөнгө облустун финансылык киреше деңгээли жетишип калган.
1998-жылдын жыйынтыгы менен экономика жана социалдык тармактардын өнүгүүсү боюнча республикада биринчи орунга чыгып, Нарын облусунун жамааты диплом жана 600 миң сомдук башбайгеге ээ болушкан. Республикада биринчи орунду ээлегендиги үчүн Кочкор жана Нарын райондору жеңүүчүлөрдөн болуп таанылганы Эмилбек Узакбаевичтин облустун жетекчилерин, жалпы эли-журтун “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бирдиктүү команда түзгөнү башкаруучулук оң натыйжаларды берди. “Сөз чынынан бузулбайт” дегендей, Узакбаевдин кыска мөөнөттө жаратылыш шарты катаал болгон Кыргызстандын “Сибиринде” жетишкен ийгиликтерин өз убагында чагылдырылган материалдар ММК, эркин газеталардан көрсөтүлүп жатты. Эгемендиктин заманында мындай зор ийгилик жараткан республикабыздын бир дагы шаар-районунда, облусунда азырынча кайталана элек.
Элетте өскөн Эмилбектин Нарын облусундагы бүтүргөн көптөгөн иштерин, эли-журту менен аралаша жашаганын саймедиретип айткан адамдар четтен чыгат. Губернатордук милдеттен министрликке которулуп жатканда “дагы эки жыл иштесе “кылым губернатору” атагына жетмек” деп “Кыргыз Руху” (31-январь 1998-ж.) газетасына нарындыктар жазып чыгышкан. Чындыгында касиети төгүлгөн Теңир-Тоону жетектөө мезгили Узакбаевдин дүйнөгө көз карашын, аброюн, мамлекет алдындагы парзын, адамдык деңгээлин бийиктетип салды. Башка ишке которулуп жатканда облуста башталбай турган даяр энергетиканы, көптөгөн тоо-кен тармактарын жана туризмди өздөштүрүүгө өкмөткө маселе көтөрүп жаттык эле деген.
1998-2000-жылдары айыл чарба министри катары Эмилбек Узакбаевич республиканын баардык эл чарбасынын тармактары жана чет элдик өлкөлөр менен байланышын узартты. Кытай жана Европанын айрым өлкөлөрү менен бир нече биргелешкен өндүрүш ишканаларын, бир топ жумушчу орундарын ачкандын демилгечиси болду. Борборго жакын тургандыктан, келген меймандарын жаратылышы суктанарлык “Шамшы” капчыгайында коноктоп жүрдүк.
“Кыргызсельхозтехника” бирикмесинин тарыхында салыштырмалуу Узакбаевдин иштөө мезгилинде көптөгөн техникалар, ар түрдүү жабдуулар базаларга батпай турчу. Бир жолу Алматы шаарына барып, “Казахсельхозтехника” бирикмесине кирсек, биздикиндей толо эл чарба техникаларынын аздыгын көрүп, таңкалганыбызды сураба.
Саваннадагы гиеналардай бала-бакырасы, “кыйышпастары” менен таландыдагы илим изилдөө институтунун жетекчисин кызматтан алып саларында, бийлик “дүжүр чалын” сактап калган. Мурдагы министрлер андан жалтанып, кайталап сурагандарын колуна карматып, тийише албай турганда, Узакбаевдин акыйкат “жортуулун” аткаруу бийлиги дагы аны кубаттайт. Убагында союзга белгилүү илимий мекеменин бүгүнкү акыбалын көргөн адам “көздүн жашын көлдөтүп, мурундун суусун булактаткандан” башка чарасы жок.
Кыргызстан КП БКнын 1987-жылдын 17-июлунда өткөн бюросунда мени катыштырбай, асмандан жерге түшө элек “кылмыштарымды” эки сааттан ашык талкуулашып, тартип сактоочуларга тапшырганга атайын партиялык токтом кабыл алышат. Негизги максаты – мени кызматтан шыпырып салганга бюронун чечиминин кудурети жетпей, акыры соттотуп жатып, башкармалыктан айдашты. Акыйкатты пир туткан баатыр элим бошоңдогон мамлекеттик-партиялык-административдик бийликти тебелеп-тепсеп өтүп, соттолгон мөөнөтүм аяктай электе мени “Легендарлуу парламентке” депутат кылып шайлашты. “Прогресс козголоңун” илимий жактан изилдеген каардуу парткомиссиянын башчысы Медеткан Шеримкулов болгон. Замана аңтарылып кетип, бир боор элимдин ала сазынан кутулбай калдым. Ошол апаат күндөрүмдө Эмилбек Узакбаевдин колдогон жакшылыктары эсимде.
Өндүрүштө бири-бирине колдоо көрсөткөндөр акырындап туугандык сезимге өтө баштайт. Ошондой ата-бабабыздан келаткан жакшы жөрөлгөлөр Эмилбек экөөбүздө дагы кайталанды. Апасын, үй-бүлөсүн, бир туугандары менен үйүбүзгө чогуу келип, бизди кубантып турду. Мен дагы жаңы жыл, Нооруз майрамын тоскондун эртесинде балдарымды ээрчитип, улуу күндөрүн куттуктап жүрдүм. Барганымда атасы же бир тууган агасы келгендей жадырап тосуп алышчу. Мейманын тоскон Светлана Орозовнанын ажары ачылып, адамга төгүлө жасаган мамилеси, ашык-кеми жок так сүйлөгөнү, жайган куттуу дасторкону алигиче эсимде. Бир жолу Эмикем “кайненем үйүбүздө, “жакшы көргөн акеңер менен тааныштырбайсыңбы” деп жатат” деди. Шарыйпа эже менен сүйлөшүп отуруп, экөөбүз 7-8 ата өткөн туугандардан болуп калбаспызбы! Мугалим, көп жылдары мектептин директору болуп такшалган адам класстагы окуучуларына сабак өткөн сымал бир калыпта сүйлөп, уңгулуу сөздөрүн айтып, уккулуктуу үнү менен бизди эриктирген жок. Ошол күндөн тарта мурда мени Мырзабек Касымалиевич деген Светланам ал терминди унутуп, мага кыргыйдай тийип, түптүз таяке дегенге өттү. Бир аз үйлөрүнө каттабай калсам, “таяке, бизди карабай калдыңыз, айрым учурларда тең салмактуулукту жоготкон кезибизде теске салчу адамыбыз жок болуп баратат” деп оюн-чындан баарыбызды күлдүрүп койчу.
Кийинчерээк Эмикем Кыргыз өкмөтүнө караштуу монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Өзбек Республикасындагы туруктуу элчиси кызматтарын аркалады. Буларда дагы тепкичтен тепкичке көтөрүлгөндөй эли-журтунда аброю жогорулап, адеп баштаган багытынан, акыйкаттыкты пир туткан калыстыктан, мекенчилден тайыбаганына сыйланган медалдары, Ардак грамоталары, Нарын жана Жалал-Абад облустарынын ардактуу атуулу болгондо алган ак батасы, республиканын айыл чарбасынын эмгек сиңирген кызматкери, атактуу К.И.Скрябин атындагы агрардык академиянын ардактуу профессоруна жеткен сыймыктары күбө.
Келечектеги жаңы Кыргызстанды жаңыдан баштаган президентибиз Садыр Жапаровдун, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин ар тараптан талкаланган республикасын гиганттык курулуш аянтчасына айлантып, кошуналар менен алаканы жакшыртканы, чек араларды чечкени, дүйнөлүк аренада татыктуу саясый орунду ээлегени, кийинки төрт жылда кирешебиз, экономикабыз үч эсеге көтөрүлүп, жан башына ИДП 9,2% жогорулаганы жалпыбызды чексиз кубандырат. Ушул темпибизден жазбай, алдыга умтула берсек, буюрса он беш-жыйырма жылда дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн катарына жетебиз деген ниеттебиз. Кыргыз мамлекет тарыхында кайталанбаган экономикалык зор өсүштөргө жеткизген мамлекет башчыларыбызды жалпыбыз кубаттоого, коргоого милдеттүүбүз. Башкача жолубуз жок.
Кечээ эле эдиреңдеген Эмикебиз жыйырма бир жашында бармактайынан эңсеген инженер кесибине ээ болуп, ташкындаган аракетин, жашоодогу ырахатын эли-журтуна арнап, ысык-суугуна күйүп, республикадагы бирден-бир көрүнүктүү жетекчиликке жетип, бүгүнкү күнү 70 жылдык торколуу юбилейдин ээси болуп отурат. Эмилбек Узакбаевич Узакбаевге баардык жакшылыктарды каалап кетмекмин!
Мырзабек Касымалиев, “Легендарлуу парламенттин” депутаты, айыл чарба илимдеринин кандидаты
"Азия Ньюс" гезити











