Акыркы кабарлар
» Саясат » “Сулуу чымчыктын” былыктары “кыргыйлардын” көз жаздымында калгандай
“Сулуу чымчыктын” былыктары “кыргыйлардын” көз жаздымында калгандай
23-сентябрь, 14:32
543 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Курулуш жаатынан телчигип, көпөскө айланган депутат Нурбек Алимбеков артынан кыйла чыр-чатактуу кептерди жаратып келген. Ишкерлиги ичтен “иригенин” кантебиз? Атамбаев доорунда көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн “шапкесин” берип, жең ичинен жерлерге жетсе, алардын мыйзамдуулугун текшерсе болбойбу? Убагында Икрам Илмияновго ийиктей ийрилип жүрсө, бүгүн кимдин этегин кармады экен? “Сулуу чымчык” каймана атындагы Нурбек Алимбековдун буга чейинки былыктары “кыргыйларга” көрүнбөй атса керек. Текшерүү иштери башталса, “таз кейпи” көрүнүп калбайбы?..
"Азия Ньюс" гезити