Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаров Нью-Йоркто Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

Садыр Жапаров Нью-Йоркто Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

21-сентябрь, 12:00
380 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Президент Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы маалымдады. Белгилүү болгондой, жолугушуу Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында өттү. Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын учурдагы абалы менен келечегин жана өз ара аракеттенүүнүн башка актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку каргашалуу окуяларга байланыштуу пикир алмашышты. Садыр Жапаров тажик тарап Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала алып чыгып, куралдуу күчтөрүн жана оор аскердик техникасын колдонуу менен Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга чыккынчылык менен кол салганын баса белгиледи. Ошол эле учурда ал күжүрмөн аракеттер кыргыз аймагында болгонун баса белгиледи. 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер