Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Доскул Бекмурзаев тажиктердин астында жабыр тарткан элибиздин шагын сындырды

Доскул Бекмурзаев тажиктердин астында жабыр тарткан элибиздин шагын сындырды

07-октябрь, 11:25
1 393 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Тажикстандан электр энергиясын сатып алып атканын айтты эле, оозун жыйгыча ал тарап калпын чыгарды. Көрсө, жөн гана “ляп” этип коюптур. Тажиктердин астында ансыз да жабыр тартып аткан элибиздин шагын сындырды. Министр башы менен чамбылала, будуң-чаң жүрүшү көпчүлүктү кооптондурууда. Учурда аймактарда, жаңы конуштарда жарык байма-бай өчүрүлүүдө. Азырынча күз да, эртең кантебиз? Кычыраган кышта жылуулук, жарык көйгөйү жаралбасына кепилдик жок. Себеби, Доскул Бекмурзаев оозуна келгенди оттоп, урдура берет экен. Айтмакчы, энергетика кризиси Курманбек Бакиевдин кандуу учурунда күч алган. Максим сууну сатып жиберип, элибиз кыйналганын унуттукпу? Көрсө, бул эргул ошолордун кадры турбайбы. Максим Бакиевдин “жүгүрүгү” катары иштесе, Алексей Ширшовдун “шинелинен” чыкса, Аалы Карашевдин “кошелёгу” болсо, анан “көргөн көргөнүн, көсөө түрткөнүн кылат” деген ушулбу? Бул суроолорго жогорку жетекчиликтер кызыгып көрүшөбү же?.. Ток этери, бир бүлдүргүчтү министр кылуу менен элдин шоруна калышпагай эле... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер