Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асылбек Жоодонбеков: “Элдин билимин, саясый сабатын өркүндөтүү багытында иштей берели”

Асылбек Жоодонбеков: “Элдин билимин, саясый сабатын өркүндөтүү багытында иштей берели”

15-январь, 09:30
993 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Казакстанда болуп өткөн окуялар ар кандай өңүттө бизге да сабак болгондой... Алардын жанында айрым улуттук артыкчылыктарыбызды да байкадык окшойт?

-- Авторитардык лидерлер менен коңшулар кыргыздардан коркушат экен. Орус паашасы баш болуп, бири-бирин “кыргыздар келатат, кыргыздар жүрөт” деп коркутуп калышыптыр. 30 жыл ичиндеги өйдө-төмөн процесстер элибизди чыйралтып, эркиндикти сүйгөн, акыйкат үчүн жарым кашык каны калганча күрөшкөн көкжалдарга айландырыптыр. Эми билимибизди күчтөшүбүз керек. Ошондон гана аксап жатабыз. 

Тегерегибизде жалаң аты демократ паашалар турган шартта алар бизге дайыма артын салып мамиле кылары анык болуп калды. Кашайып, азыркы лидерлерибиз да демократия толкунунда келишкени менен аки-чүкүсүн түшүнө беришпейби? Эрдиктери болгону жакшы, бирок... Айтор, Кудайым сактасын. Элдин билимин, саясый сабатын өркүндөтүү багытында иштей берели. 

Викрам биздин элди бириктирди. Демократия, сөз эркиндиги бириктирди. Демократия жакшы өнүккөн шартта коомдук пикирдин, медианын күчү ушунда көрүндү. Викрам журналисттерге кыргызча жооп бере албай калганда, “ай, кыргыз эмес турбайбы, эне тилибизди билбейт экен” деген комменттер менен жоон сандарын чаап жатышкандарын байкадым. Силер эле эмес, Викрам өзү шок болду. Ал “кыргыз уулу өз эли үчүн ушунчалык маанилүү экендигин жашоомдо биринчи жолу сездим” деди. Бул көп түйүндү чечкен, улуу сөз. Мына ушинтип улуттук иденттүүлүк, жарандык позиция калыптанат. Эл бир муштумга биригет. Бул демократиянын үзүрү. Жарандык коомдун үзүрү. 

Белибизди бекем бууйлу. Балдарыбызды так илимдерге, ITге, искусствого, англис, кытай тилдерине чечкиндүү багыттайлы. Билимге салынган инвестиция гана өлкөбүздү сактап калат. Өлкөбүздүн келечегин берсин. 

Ыраматылык атам колдоого муктаж бир небересине кайрылып: Моюн берген жоксуңбу? Моюн бербе!” дечү эле. Ошон үчүн издене берели... 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер