Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кадр кызматын Абдырахман Маматалиевдин жетектегени оркойгон катачылык

Кадр кызматын Абдырахман Маматалиевдин жетектегени оркойгон катачылык

19-март, 10:32
676 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаров “өлкө боюнча кадр кызматын жетектеп бер” деп Абдырахман  Маматалиевди кайсы критерий менен тандап алганы бизге табышмак. Себеби, Атамбаевдин тушунда Абдырахман  Маматалиев чек ара жана күч структуралар боюнча өкмөттүн орун басары болуп иштеп, алгылыктуу деле иш көргөзө алган эмес. Көргөзсө, азыркы болуп жаткан чек ара маселелери курч бойдон турбайт эле го? Күч структуралары өздөрү коррупцияга аралашып алганы эч кимге деле жаңылык эмес. Сталиндин эң туура баамдаган учкул сөзү бар, “Кадрлар баарын чечет” деген. Мына ушул кадр саясаты биздин өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө таасири абдан чоң болуп турат. Садыр Жапаров өлкөдө реформа жүргүзүү үчүн мыкты кадрларга муктаж болуп турганда, “башкы кадрчы Абдырахман  Маматалиев канчалык деңгээлде вазыйпасын аткарып жатат болду экен?” деген жүйөлүү суроо туулат? 

Дегенибиз, Садыр Жапаров “биз эми кадр тандоону ачык-айкын, элге жарыялоо менен конкурстук тест аркылуу, билимдүү, тажрыйбалуу, кесипкөй адистерди тандап алабыз” дегенде, эл сүйүнүп, президенттин сөзүнө ишеним артып турушкан. Себеби, президент менен өкмөттүн аппараты бириккенине байланыштуу, мына ушул аппаратка, министрликтерге, акимчиликтер менен орун басарлык кызматтарга конкурс аркылуу кадрларды тандап алууда, баягы эле өң-тааныштык, “кол ийрисине тартат” кылып, жең ичинен тандоо жүрүп жатканын эшитип жатабыз. Ошондуктан булардын комиссиясына өлкөдө кадыр-баркы бар, кесипкөй, билимдүү, интеллектуалдыгы жогору, тажрыйбасы мол, орто жана улуу муундагы 5-6 адамды кошуш керек. Андай адамдар бизде бар. Мындай чоң жоопкерчиликтүү ишти бир эле Абдырахман  Маматалиев башында турган кадрдык кызматка жүктөп коюу өтө опурталдуу экени айдан-ачык болуп турат. 


Болуш Султанов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер