Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Токиодо жүргөндө Кыргызстанда даярдалган балды көрдүм”
-- Жанар мырза, жакында эле Японияга барып келбедиңизби. Сапар учурунда кандай натыйжаларга жетише алдыңыздар?
-- Кесиптешим Таалайбек Масабиров Кыргызстан–Япония парламенттер аралык достук тобунун жетекчиси. Ошол киши экөөбүз Япония тараптын чакыруусу боюнча Күн чыгыш өлкөсүнүн парламентине барып, достук тобунун башчылары, вице-спикери, спикери менен жолугуп келдик. Япон парламентинин тарыхы кыйла терең, алардан үйрөнчү нерселер абдан көп. Жолугушуу учурунда кызматташуу тууралуу бир топ талкуулар болду. Биздин төрагабыз Нурланбек Шакиевдин октябрь айында Японияга жасалчу сапары макулдашылды. Япон эл аралык кызматташтык уюму бар, JICA деген, бизге өтө көп жардамдарды берип жүрөт. Аялдардын көкүрөк рагын аныктоо боюнча 2 маммография аппаратын (анын баасы миллион долларга чукул экен), ошондой эле Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын ооруканаларына япониялык заманбап медициналык жабдууларды алып келүү, ӨКМ, транспорт министрлигине жардам көрсөтүү, биздин мамлекеттик кызматкерлерди окутуу боюнча бир топ сөз болду.
Токиодо жүргөндө Кыргызстанда даярдалган балды көрүп калдык. Ал жердеги биздин элчи менен сүйлөшсөк, жылына Кыргызстандан 40 тоннага жакын бал экспорт болот экен. Аны 100 тоннага чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар окшойт.
-- Эки маммография аппараты дебедиңизби, ал качан келет?
-- Ушул жылдын аягына чейин келет, буюрса. Бул боюнча биздин өкмөт да иштеп атат. Грант түрүндө бекер берилет.