» Саясат » Көйрөң министр Тилек Текебаев камалып кетиши мүмкүнбү?
Көйрөң министр Тилек Текебаев камалып кетиши мүмкүнбү?
27-июль, 16:15
368 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевди өткөн жумада УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев зекип, эскертүү берди. 1-сентябрга чейин Ноокат жолу бүтпөсө, кызматтан кете турганы айтылды. Буга чейинки шалаакы, көмүскөдөн ойногон жүрүшү үчүн жарга такалып жатканын байкадык. Бизге жеткен маалымат боюнча, атайын кызмат Текебаевге тыкыр көзөмөл жүргүзө баштаганы, материалдар топтолуп калганы ыраспы? Аз калды, убакыт ачыктайт. Башкасын айтпасак да, көйрөң министр Төө-Ашуудагы тоннелди жарым жылдан бери жарнама кылып, өзү видеого, сүрөткө түшүп, же кыйраткан иши жок, жеңил-желпи балдар менен пиар жасап жүрөт. Мурдун балта кеспей, сүлкүлдөп алып, элге таанылуу амалын кылганы ушулбу? Эгерде чыныгы уюштургуч жетекчи, тажрыйбалуу болсо, эмгиче эмгектеринин топтомун, көп жыйынтыктарды көрсөтмөк. Тилекке каршы, бул Тилегиңер текиреңдеген майдачыл чиновник экен. Чоң жоопкерчиликти алгандан соң, элди кыйнабай милдетин так аткарыш керек эле. Андай болбоду. Эми коррупциялык жоруктары ачыкталып кетсе, камакка алынабы? Алдыда дагы олуттуу суроолор арбын.