Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирлан Самыйкожо: “Эртең балдарыбыз ата-энесин сотко берген учурларга туш келип калышыбыз мүмкүн”

Мирлан Самыйкожо: “Эртең балдарыбыз ата-энесин сотко берген учурларга туш келип калышыбыз мүмкүн”

09-июнь, 19:30
438 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мирлан мырза, мугалимдердин кадыр-баркын коргоо боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп жаткан экенсиздер. Андай мыйзамды сунуштоого эмне түрткү болду?

-- Бул чындап айтканда, жөн эле элеп-желеп болуп мугалимдерди коргойлу деген маселе эмес. Бул жерде маселе мугалимдин статусун көтөрүү жөнүндө болууда. Анткени, ошого зарылчылык болуп жатат. Ар бир нерсе зарылчылыктан чыгат. Социалдык тармактар аркылуу өзүңүздөр көрүп жатасыздар, коомдо мугалим менен окуучунун ортосундагы чыр-чатактар көп болуп кетти. Бул көбүнчө окуучунун мугалимге болгон мамилесинин оройлугунан улам болууда. Мугалимге жаман сөз айтып, ыдык көрсөтүп, шылдыңдап аткан окуучуларды интернеттен көрүп жатабыз. Ошондой учурда эмне кылыш керек? Ата-эне жооп бериши керек. Себеби, тарбияны ата-эне, билимди мугалим берет. Биз келечектен үмүт этебиз десек, балдарыбызга көңүл бурууга тийишпиз. Ошон үчүн бул мыйзам бузуулар жөнүндөгү кодекске кирип жатат. Бул жерде окуучу эмес, ата-эне же аны алмаштыруучу адам жоопкерчилик тартат. 

Ырас, маселенин экинчи тарабы да бар. Мугалим да өзүнүн статусун өзү түшүрбөшү зарыл. Мугалим мектепке келип алып батиңке, көйнөк сатпашы, окуучулар менен бөтөлкөлөш болбошу керек. Алар мугалим деген статусту бийик кармап жүрүүгө милдеттүү. Күчтүү мугалим жинденбей, ачууга алдырбай, жайбаракат сабак өтө алат. Кээ бир учурларда мугалимдердин билиминин жетишсиздигинен, ички этиканы сактабагандыгынан кадыр-баркын түшүрүп алган жагдайлар бар. Кандай болгон күндө дагы биз келишпестикке келип калган учурларга карата ушул мыйзамды киргизип жатабыз. Жеке жактарга да 50 эсептик көрсөткүчтөгү айып пул салынсын дегенибиздин себеби, көчөдөн ата-энелер келип мугалимди сабап, муштап коюп жатышпайбы. Анте бере турган болсок, мугалим робот эмес да. 

-- Бирок, бул долбоорго каршы пикир айткандар да көп болууда. Аларга кандай жооп берер элеңиз?

-- Бизде ар кайсы жактан келген идеяларды көчүрүп алып таратып аткандар да бар. Ушуга чейин мамлекетте канча мыйзам жазылды, анын жарымы иштесе, жарымы иштебей келген. Бирок, биз жазылбаган мыйзамдар, жазылбаган эрежелер менен жашап келатабыз. “Улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо, мугалим – экинчи эне, мектеп – экинчи үй” деген сыяктуу түшүнүктөр менен жашап келгенбиз. Бирок, азыр “балдардын укугу, балдарды урбаш керек” деп... Кыргыз баласын урган эмес. Биздин өзүбүздүн наркыбыз, салтыбыз бар да. “Балалуу үй – базар” деп койгон. Баланы байлык деген, бакыт деген. Мындан өткөн баланы баалоо жок, туурабы? Тарбия деген болгон. Бала чектен ашканда атасы айткан, апасы, агасы, эжеси айткан. “Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт” деген бекеринен эмес. Бул биздин жазылбаган мыйзамдар. Жөн эле “ак чүч” боло бербеш керек. “Баланын укугун коргош керек” деп атып, эртең биздин балдарыбыз атасын, энесин сотко берген учурларга туш болуп калышыбыз мүмкүн. Анда эмне кылабыз? “Бул баланын укугу” деп ата-энеси соттолуп кетеби? Ооба, биздин коомдо да баланы кордоп, көгала кылып сабап коюп аткан учурлар да болууда. Бул нерсеге ата-эне жоопкерчилик алышы керек. Бирок, баары эле бирдей эмес да. Биз такыр эле ээн коё бере турган болсок, бул жакшылыкка алып барбайт.

Биздин долбоорго терс көз карашын айткандардын сындарын кабыл алчуларын кабыл алып, мыйзамга кошуп жатабыз. Бирок, такыр эле каршы чыккандарга биз да каршыбыз. Бала дагы өзүнүн ордун билиши керек. Мугалим да, ата-эне да ордун билиши керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер