Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Тез жардам” кызматынын төрт айдоочусу коронавирус жугузуп алды

“Тез жардам” кызматынын төрт айдоочусу коронавирус жугузуп алды

17-июнь, 21:47
330 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте “Тез жардам” кызматынын төрт айдоочусу коронавирус жугузуп алды. Бул тууралуу Бишкектеги ыкчам медицина борборунун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов “Твиттердеги” баракчасына жазды.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова бул маалыматты жарым-жартылай ырастады. Анын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, коронавирусту аныктоо боюнча иштеп жаткан мобилдик бригадалардын кызматкерлери, айдоочулары бейтаптар менен дайыма байланышта болот.

“Ошондуктан, аларда вирус жуктуруу тобокелдиги жогору. “Тез жардам” машинесинин айдоочулары вирус жуктурса, медициналык кызматкер катары катталат. Алардын кандай шартта, кимден, кайдан жуктуруп алганы иликтөөлөрдө аныкталат”, - деди Жылдыз Айгерчинова.

Бишкектеги “Тез жардам” борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметов “Азаттыкка” маалымат берүүдөн баш тартты. Бирок айрым басылмалар Шаяхметовдун “ооруга чалдыккан төрт айдоочунун вирусту кайдан жуктурганы белгисиз” деп айтканын жазып чыгышты.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, өткөн суткада 21 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Жалпысынан 495 медицина кызматкери ооруга чалдыккан. Анын ичинен 367си айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алар кайрадан жумушка кайта баштаганы кабарланган. 
Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер