“Диний кара чабуул, же мамлекетте ырааттуу жүргүзүлгөн стратегия жок экени өкүндүрөт”
“Мыйзамсыз иштеген медреселер республикабыздын баардык аймагынан аныкталып, чара көрүлүп атса да, жаш муунду күчтөп караңгылыкка тартуу уланып келет. Ал эми диний радикалдуу агымдарды тыюу, чектөө да кыйындап бараткандай. Келечекке карай көмүскөдөн коркунучтар жаралып атса, бул багытта күрөшүүнүн кандай жолун сунуштайт элеңиз?” деген собол таштадык.
Асыкбек Оморов, коомдук ишмер:
-- Кээ бир мечиттер коомго таасирин тийгизе турган терс көрүнүштөр менен алек болууда. Жаш балдарды мечитке киргизип алып, ислам динин окутуу ж.б. боюнча иштерди алпарып атканы тууралуу коңгуроо кагуу максатында айтып эле келатабыз. Бизде мамлекеттик көзөмөл органдардын шалаакы мамиле жасагандыгы айдан-ачык көрүнүп турат. Өлкөнүн, улуттун идеологиясы абдан күчтүү багытта жолго коюлушу керек! Антпесе, өкүнүчтүү окуялар, терс көрүнүштөр пайда болуп, кийин чоң кедергисин тийгизиши мүмкүн. “Эсиң барда этегиңди жап” дегендей, азыртадан иш-чараларды өткөрүү абзел.
Гүлзат Аалиева, философия илимдеринин кандидаты, Манас таануучу:
-- Башмыйзам (Конституция) боюнча Кыргыз Республикасы светтик мамлекет болсо да, бүгүнкү күндө өлкөдө 3 миңден ашуун ар кыл багыттагы диний уюмдар менен секталар расмий каттоодон өтүшкөн. Ошол себептен, Кыргыз Республикасы расмий уруксат кылган мыйзамдуу негизде аталган диний уюмдар менен секталар биздин ата-бабалар тарыхый өтмүштө кабыл алган ханафи мазхабын таш-талканын чыгара талкалоого максаттуу багыт алып, илим-билимдүү коомду диний караңгылыкка каптатуу боюнча кара чабуул баштаганына 10-15 жылдай убакыт болуп калды.
Илимий аныктама боюнча «светтик мамлекет» деген түшүнүк «бейдиний, дин аралашпаган жана билим менен илимге умтулган мамлекет» дегенди туюнтат. Эреже катары светтик мамлекетте дин жашоого укугу болсо да, мамлекеттин 1) эл аралык, 2) саясый, 3) экономикалык жана 4) социалдык чөйрөлөрүнө кийлигишүүгө укугу жок.
Тилекке каршы, светтик мамлекеттин өзөктүү принциптерин талкалаган жана коомду караңгылыкка сүйрөгөн башкы факторлордун бири катары бүгүнкү күндө республиканын баардык аймагынан аныкталып жаткан мыйзамсыз иштеген медреселерди атоого болот. Мамлекетте бир багытта жана ырааттуу жүргүзүлгөн стратегия жок экендиги өкүндүрөт. Бул алкакта күрөшүүнүн жолдору абдан көп. Алардын айрымдарын гана айтсак:
1. Кыргыз Республикасындагы идеология үчүн мамкатчы жооптуу болгондон кийин учурдагы мамкатчы мырза соттук куугунтукка алдырган динчилер менен соттук куугунтукка дуушар болгон эки жакты тирештирип коюп, башын кумга катпай, эки тараптын өкүлдөрүн чакырып, диалог уюштуруу аракеттерин илгери эле кылса болмок. Азыр да кеч эмес.
2. Мыйзамсыз иштеген диний мекемелер менен медреселерди жапкандан сырткары, мыйзамдуу иштеген медреселер менен диний билим берген окуу жайлар сунуштаган окуу программалары, ошондой эле мечиттер элге сунуш кылган баяндардын мазмуну светтик мамлекеттин компетенттүү органдар менен алдын ала макулдашылып, алдын ала расмий бекитилиши керек.
3. КР президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 13-март күнү жаңы дайындалган муфтийди чакырып, ага «ханафи мазхабынан сырткары башка диний агымдарды тый!» деген тапшырма берген. Президенттин тапшырмасы кандай деңгээлде аткарылып жатканына коомчулук тараптан да, массалык маалымат каражаттары тараптан да, мамлекеттик органдар тараптан да күчтүү мониторинг жасалып туруусу керек эле. Биз азырынча андайды байкабай жатабыз.
Дүйшөн Баатырбеков, мугалим-серепчи:
-- Абдан туура маселе көтөрүлгөн. Алыска кетпейин, айрыкча быйылкы жылы жайында 40-50дөн балдарды жайкы эс алуу лагерине (!) дешип, айылдагы 4-класста окуган неберемди эл катары жибериптир. Ал жерде үч маал тамагы менен Куран, хадисттерди жаттатып жатканын угуп калып, абдан кейидим. “4-класстагы баланы ал жакка жиберип, мээсин айлантып, ушундай иш кылганы туура беле? Бекер кылган экенсиң” деп уулумду уруштум. Ар бир райондо диний жайкы эс алуу лагерлерин уюштурумуш этип, 10-12 күндүн ичинде Куран, хадис жаттатып жатканы туура эмес көрүнүш. Биздин мамлекет бул жагынан артта калды. Каада-салтыбызга карама-каршы келген диний агымдардын, радикалдуу диндердин коомго коркунучу өтө опурталдуу. Алар биз менен коюн-колтук алып жашап калышты. Ошондуктан бийлик башындагылар мыйзам кабыл алып, өз убагында иреттеп албаса, радикалдар менен күрөшүү өтө татаал болуп калат. Бара-бара оронуп-чулганган окуучулар 1-класстан 11-класска чейин көбөйгөндөн көбөйүп кетти. Чыныгы Куранда мындай нерсе жок, айтылган эмес да. Башка диний агымдарда “сүннөт” деген башка бир нерсени ойлоп табышып, коомдун башын айлантышууда. Жадагалса лицейлерде, ЖОЖдордогу студенттерде узун көйнөктөрдү кийип алып, дене тарбия жана эмгек сабагына катыша албай, мугалим менен студент ортосунда чыр-чатактар чыгууда. Антейин десең, айылдарда 10-15 аялдарды чогултуп, “Чыныгы муслим” деп салтанаттуу түрдө жоолук салып, андан ары оронуп-чулганып калышты. Мунун баары сырттан каржылануунун негизинде болууда. Бийлик мындай нерсени өз көзөмөлүнө алып, кеч болуп кала электе тыюу салышы керек!