Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: “Кытайга визасыз кирип-чыгуу каралса, экономика көтөрүлүп, жашообуз жакшырмак”

Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: “Кытайга визасыз кирип-чыгуу каралса, экономика көтөрүлүп, жашообуз жакшырмак”

18-май, 22:12
1 693 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кытай менен Өзбекстан 1-июндан тарта жарандарына визасыз 30 күндүк каттоону киргизди. Кыргызстан да так ошондой визасыз режим киргизсе болобу?

-Ар бир нерсенин өзүнүн ысык-суугу бар. Жакшы-жаман жагы, ийгилиги-кемчилиги болот дегендей. Чыгарылып жаткан мыйзамдын деле бир тарабы пайдалуу, экинчи жагы зыян алып келген мисалдар арбын. Бул маселенин да так ошондой жакшы да, анан кооптондурган жагы да бар. Бир чети Кытайга визасыз кирип-чыгуу каралса, кыргыздар Кытайдан өндүрүшкө, жашоо турмушубузга керектүү каалаган товарды арзан баада алышына шарт түзүлмөк. Ошондой эле алар менен биргелешкен ишканаларды ачып турсак, экономика жогорулап, иш орундары түзүлмөк. Экинчи жагынан, визасыз режимдин коопсуздукка терс таасири тийип калбайбы (?) деген да санаркоом бар. Анткени, Кыргызстан өзү кичинекей мамлекет. Калкыбыздын саны Кытайдын бир шаары менен тең. Кыргыз эли кылымды карытып келаткан түптүү калкЖок болсо суулар жоголот, көлдөрүбүз соолуйт, бирок элибиз жок болбойт деп кыйла кылым карытканбызЭгер визасыз режим иштесе, алар кыздарыбызга үйлөнүп, улуттун генофондуна доо кетпейби? Кыздарыбыз кытайлык жигиттерге турмушка чыгып кетсе, эмне кылабыз?” деген көптөгөн суроолор бар.

-Кытайдагы кыргыздар деле салт-санааны сактап, өнүгүп-өсүп эле жатат го?

-- Туура, Кытайдын ичинде жашап жаткан кыргыздар деле өнүгүүдө. Аларга деле өзгөчө көңүл бурулуп, кытай тилинде Манас эпосу драма болуп коюлуп, кыргыздын маданиятына жергиликтүү кытайлар абдан чоң маани берип, болгон колдоолорун жасап келишет. Кытайдагы кыргыздар байырлаган Кызыл-Суу районунда Артуш деген шаар бар. Ал жакка барсаң кыргыз маданияты сакталып, өнүпсүп атканын көрөсүң. Глобалдашуу деген деле ушул. Бир чети жакшы, экинчи тарабынан улутту жоготуп албайбызбы? Ушундайча кооптоносуң. Ошон үчүн жети өлчөп бир кесишибиз керек. Бирок, Кыргызстанга деле январдан баштап кытайлар көбүрөөк келе баштады. Үйлөрдү, жерлерди алып, кафелерди салып жатышат. Мындан улам эки мамлекеттин кызматташтыгы күчөп бараткандай. Бул жакшы. Коопсуздук боюнча эле ойлонуп, тийиштүү чараларды көрүшүбүз керек.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер