Көрсө, адам дүнүйөгө берилип, өмүрдүн текке кеткенин кеч билет тура
Мен бала кезде айылыбызда бир жалгыз бой кошуна кемпир жашаар эле. Үйүндө жапжалгыз кыбырап, кирип-чыгып өз оокатын кылчу. Анын балдары, туугандары барбы-жокпу билбепмин. Бирок, кез-кезде окуучулар барып, суусун ташып, майда-чүйдө иштерине жардам берчүбүз. Короосу кенен, заңгыраган чоң тамы бар эле. Бирок, ал үйүнө эч ким кирчү эмес. Ар дайым кара кулпу кайтарып турчу. Алтургай өзү да чоң үйүнө жашабай, короосундагы жепирейген жер тамда жашачу.
Бир курдай апам “үйгө келип чай ичсин, чакырып кел” дегенинен бара калсам, ошол чоң үйүндө чоң сандыгына кийимдерин кынаптап салып жатыптыр. Көрүп алып таңгалдым. Заңгыраган алты бөлмөлүү үйдө баары бар экен. Керилте жыйылган жүк, оймосу көз жоосун алган шырдак, ала кийиздер, көрпөсү сеңселген көлдөлөңдөр. Сервант толо кооз айнек идиштер... Оозум ачылып калды. Таңгалганымды жашырбадым. “Энеке, бул үй сиздики да э?” дедим. “Ооба, берекем” деди. Ал дайыма ушинтип жалынып сүйлөөр эле. “Анда неге бул үйгө жашабайсыз?” дедим. “А, берекем, өлгөндө жашайм. Бул кийимдерди да ошондо кийем” деп тиши жок ээгин кемшеңдетип күлүп койду. Бул сөзүн угуп, ого бетер таңгалдым. “Кантип эле, энеке? Өлгөндө?..” деп. “Ооба, секелегим. Жүрү, апаң күтүп калды го” деди да, бекчейген белин зорго түзөп, таягын таянып, эшикти көздөй бет алды. Аңырайып артынан мен да жөнөдүм. Кайрадан эле эшикти кулпулап, ачкычын чач учтугуна кошуп койду...
Кийин ошол энебиз каза болду. Жарыктык киши, тирүүсүндө үйүндөгү шырдактарын аяп жыйып коюп, сыз жерди басып жүрөөр эле. Өлгөндө баягы өзү тебелебей, аяп караган шырдактарын боз үйдө тебелебеген киши калган жок. Чоң боз үйдүн аяк-башына чейин илинген эненин кийимдерин кирген чыккандар көз сыдыргыга салып карап жатышты. Ошондо эненин “өлгөндө кийем” деген сөзү эсиме түштү. Бейиши болгур энебиз жамгырлуу күндө жерге берилди...
Азыр карасаң көптөрдүн жашоосу жасалмадай сезилет. Адам баласы кабат-кабат кылып үй салып, ичин баалуу буюмга толтуруп, элди туурап башка өлкөнүн кымбат килемин, идишин алып, аны көздүн карегиндей сактап, төшөнчүсүн тирелтип жыйып коюп, "булганат" деп аяп, колдонбой, өздөрү сызда отургандар, кымбат кийим кийип, акыркы маркадагы айфон көтөрүп элге көрүнүп, мактанып жашагандар жок эмес... Көрсө, адам дүнүйөгө берилип, байлыктын, мансаптын артынан кубалап, ошого кулдук кылып, кызматы барга кошомат жасап жүрүп, өмүрдүн текке кеткенин кеч билет тура...
Анархан
"Азия Ньюс" гезити