Ташиев менен Көлбаев саамга тиктешип, бири-бири менен учурашпаганын айтышты

17-сентябрь күнү экс-спикер Ахматбек Келдибеков уулун үйлөндүрүп, “Ала-Тоо” ресторанына той бергени коомчулукка чагылгандай тез тарады. Ал жерге Соке баш, мурдагы спикерлер төш болушуп, бир катар саясачылар, коомдук ишмерлер каз катар тизиле барышыптыр. Баарынан да Камчыбек Көлбаевдин ардактуу конок катары орун алганы, мындай көрүнүштө коркок элитабыз элейип, көпчүлүктүн көөнү бурулганы маалымдалды. Кыргызстандагы негизги авторитеттер бир ресторанда даам сызышканы кызык бекен? Бир маалда Камчыбек Ташиев коноктордун бараандуусу болуп келип, Камчыбек Көлбаев экөө саамга тиктешип, бирок бири-бири менен учурашпагандарын айтышты. Көпкө узабай Көлбаевдин баса бергени да маалымдалды. Мындай той Кыргызстанда гана болсо керек...
Ал эми Ахматбек Келдибековдун уул-келинине бакыт, кең-келечек каалайбыз!
"Азия Ньюс" гезити