Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атамбаевдин кадрларынын эң тазасы генерал Улан Исраилов

Атамбаевдин кадрларынын эң тазасы генерал Улан Исраилов

24-январь, 09:00
1 252 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Убакыт баарын таразалайт тура. Алмазбек Атамбаевдин кадрларынын дээрлик көбү камалышты, качышты. Сапар Исаков, Албек Ибраимов, Болот Сүйүмбаев ж.б. чет жактарда баш калкалап жүрүшөт. Экс-президенттин айлана-тегерегиндеги алдуу-алсызы дебей отуруп чыгышты. Санасак арбын. Икрам Илмияновдун жакшылап “куспай” кеткени эле эмнеге арзыйт? Итиркейиң келет да! Кыскасы, 90 пайызы булганганы жалганбы? Бирок, биздин баамыбызда, Ысык-Көлдүн тыңчыкма жигити, убагында АКСти, ИИМди жетектеген генерал Улан Исраиловдун тазалыгын, токпейилдигин эстебей коюуга болбойт. Атамбаевдин жандоочторунун ичинен жалгыз гана идиректүүсү, жүзү жарыгы ушул. Учурда Улан мырза эл аралап, башкалардай жалтактабай эле жай турмушта жашоосун өткөрүп келет. Бүгүнкү бийликтеги чиновниктер сабак алышса болот. Эртең кантип башты жерге салбай, бийик көтөрүп жүрүүнүн үлгүсүн үйрөнгүлө! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер