Акыркы кабарлар
» Саясат » Президент Жапаров 2022-жылдын январь айында Индияга барат
Президент Жапаров 2022-жылдын январь айында Индияга барат
20-декабрь, 17:35
998 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бул тууралуу Кыргызстан менен Индиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда белгилүү болду.
ТИМдин маалымат кызматы кабарлагандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министрлер Кыргызстан-Индия кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибиндеги кеңири спектрин, анын ичинде саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты талкуулашты.
«Тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Индияга Борбор Азия саммитине катышуунун алкагында 2022-жылдын январында боло турган иш сапарын даярдоого өзгөчө көңүл бурушту. Индия тарап Индиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен эки тараптуу мамилелерин кызматташуунун жогорку деңгээлине чыгарууга кызыкдар экенин билдирди» деп айтылат маалыматта.