Акыркы кабарлар
» Коом » Өзбекстанда коронавирустан 39 жаштагы дарыгер каза болду
Өзбекстанда коронавирустан 39 жаштагы дарыгер каза болду
29-март, 00:26
1 647 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Өзбекстанда коронавирустан айыгуу үчүн өз алдынча дарыланууга аракет кылган дарыгер көз жумду. Мындай маалыматты өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.
Бул коңшу өлкөдөгү коронавирустан каза болгон экинчи адам. Буга чейин да аталган илдетти жуктуруп алган 72 жаштагы жаран инфаркт алып каза болгон.
Каза болгон бейтап -- дарыгер эле. 39 жаштагы маркум менен Парижден келген жарандын байланышы болгону аныкталды. Өзбекстан боюнча алгачкы жолу коронавирус Парижден Ташкентке кайтып барган ошол адамдан катталган болчу.