Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жан чыдагыс кусалык кудум эле күзгө окшош...

Жан чыдагыс кусалык кудум эле күзгө окшош...

28-сентябрь, 11:14
859 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Миргүл Наралиева, акын: “Сары жалбырак жана күз шамалы”

-- Күздүн сапсары жалбырактары шамалга күбүлүп жатат. Бут алдыңда жайнаган сары жалбырактар өткөн күндөй учуп түшүүдө. Түшүп жатышат... Дарактар жылаңач калды. Кудум менин жүрөгүмө окшошуп калды. Эми жылаңач дарактарды зирилдетип, дирилдетип шамал аңылдайт. Муздак шамал. Жүрөктү үшүткөн турмуштун, жашоонун шамалы да табигаттын ушул шамалына окшош. 


Үч жалгыз

Кеч күздүн шуудур кайгы күүсүн улап, 

Шамал дагы чарчагандай согот алсыз.

Бир боор жан жалбырактар жерге кулап, 

Жыпжылаңач дарак турат эч дармансыз. 


Сүйлөп келем, бирок менин тилим баргыс, 

Дүйнөм керең жүрөк сокпой, денем жансыз. 

Күнү бүтүп, куурап калган миң кунарсыз 

Тал түбүндө турам жалгыз, турам жалгыз.


Жаштык кез алоолонуп жалын чачкан,

Күндөр эле асыл, бирок кайталангыс.

Сен тууралуу, мен тууралуу эчен сөздөр

Ич дүйнөмдө бугуп жатат айта алгыс.


Күз кечи сумсайыңкы мусапыр жан 

Жамгыр да жашын төгөт коштоп алсыз.

Кыязы сапарыбыз токтоп калган 

Күз жалгыз, тал да жалгыз, мен да жалгыз.

2000-жыл 

Алтынай Темирова, акын: “Жандүйнөмдүн жарымы жаз, жарымы күздөй күбүлөт”

-- Күз биздин эшигибиздин алдындагы бир түп өрүктөн башталчу. Жалбырактары чоктой жанып, албырып баштагандан эле биздин үй алды кереметке бөлөнүп калчу. Башка дарактардан өзгөчө кооз эле. Ага кошулуп, көчө тарапта бир түп байтерек дагы кызгылт-сары алтындай калдайган жалбырактарын каалгыта учуруп, бир укмуштай көрк менен көргөндүн баарын суктандырчу. Бала кезде ошол экөөнү эле такыр талбай кечке карай берчүмүн. Анан кандайдыр бир кусалык, муңайымдык пайда болуп, кыялдарым кайдадыр алыс-алыс уччу. Кол жеткис бир белгисиз керемет дүйнөгө чулганып, ички сезим менен ошол дүйнөгө аралашып, анын бир бөлүгү болуп жашагым келчү. Кисти менен альбомдун бир ак барагы колумдан түшпөй калчу...        

Бат эле тоо тарап да акырындан өйдөлөп-өйдөлөп отуруп, күн өткөн сайын кызыл-сары, күңүрт түскө чулганып, өзүнчө бир боёктордун гаммасы болуп жатып калчу. Ал мага жандуудай туюлчу. Кайдадыр кетип бараткандай, кайдадыр жол жүргөн жолоочудай сезилчү… Кийин ошол муңайым кусалыкка толгон жамгыр жыттанган кечтер, апакай туман коюн-колтугун аралаган тоолуу айылымдын коңур күзүнүн ажайып көркү эч эсимден кеткис болуп калды…

Оту чыгып бетинен

сары көйнөк күз кыдырат 

этектерде, тоолордо…

Дал-далынан кийимдери айрылган

алыс жолдо болгонго.

Аса-муса таягын

алган жонго асынып.

Шамал үзгөн жыртыгын

желген туман жашырып,

күйүккөнүн баса албай,

күйүп барат ашыгып…

***

Балам үйдө шоктонот,

А эшикте тамчылар…

Күз эшикке токтолот,

Болду мынча ынтызар?!..

Кудум мээрман энемдей,

Көздөрүмө үңүлөт.

Жандүйнөмдүн жарымы жаз,

Жарымы күздөй күбүлөт…

Муңбастыгын тамчынын

Үнсүздүккө толтуруп,

Үбөлөнгөн мезгилдин

Үнүн улайм олтуруп…

Тиктей-тиктей талбастан,

Тоону-түздү, талааны,

Ушунчалык чарчаткан

Унутамын калааны….

Улукбек Рысалиев, акын: “Күзгү эскерүү”

-- Күз. 

Күүгүм.

Кызгылт кыраң,

Дөбөдөн күндү узаттым. 

Саргайды жашыл тулаң

Сагынтат асыл жазым. 

Кыйкуусу күйүт козгоп,

Кош айтып өттү куштар

Кечигип сүйүү кошкон,

Сөз айтып кеткен кыз бар…

Боз кыроо… таңын сууган,

Көрүнбөйт чабалекей,

Көкүлүн жамгыр жууган.

Куурчактай кыз канакей?

Жулкулап күз шамалы,

Жалбырак учат талдан

Жар болуп үч тарабы,

Кайтчу жол тузакталган.

Жан элек ушакталган…

Көнөктөп жамгыр көктөн 

Жаз эле жашыл көктөм.

Сумкасын көтөрүшүп,

Сүйүнүп, сүйүп кеткем…

Сүйүүдөн сес кайтчубу,

Тез жетип кеч кайтчумун.

Жарымды жалгыз таштап,

Жаңылткан эх кайсы күн?

Күз.

Күүгүм.

Кызгылт кыраң.

Дөбөдөн күндү узаттым,

Сүйүүдө жолоочумун,

Сылтыган жалгыз атым...



"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер