Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ат-башыдагы жубайлар конокко барышмак, бирок гараждан чыга электе каза болушкан

Ат-башыдагы жубайлар конокко барышмак, бирок гараждан чыга электе каза болушкан

22-декабрь, 19:38
740 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Нарын облусунун Ат-Башы районунда унаадан жансыз денелери табылган жубайлардын сөөгү бүгүн, 22-декабрда жерге берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баш-Кайыңды айылынын айыл өкмөт башчысы Аскар Мамытов билдирди.

Маалыматка ылайык, жубайлар окуя болгон күнү кечинде мал-жайын тейлеп коюп, үйдөн “конокко барабыз” деп чыгышкан.

“Бул үй-бүлөнүн 9-класстагы кызынын айтымында, ата-энеси ал күнү үйгө келген эмес. Ал эртең менен мектепке кетип, кайра түштө үйгө келгенде короодогу уйлар сыртка чыгарыла элегин көргөн. Мындан улам ал кошунасына уйлардын жиптерин чечип берүүнү суранып барган. Коңшу келип ата-энесинин досторуна телефон чалып көргөн. Алар жубайлар кечээ конокко келбегенин айтышкан. Ошондон кийин коңшусу үйдүн тегерек-четин карап, жабылып турган гаражды ачканда унаанын ичинен жансыз денелерди көргөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алар гаражга кичине эшиктен кирип, чоң дарбазасын ачпай туруп унааны от алдырып, андан кийин аны жылыта башташкан. Ошондо эле газ чыгып, алар уулана баштаган окшойт. Себеби, гараж абдан тар болгондуктан аларга аба жетпей калган. Бирок алар жытты сезбей, унаанын жылышын күтүп отурган жерден каза болушу мүмкүн деп божомолдонууда. Себеби милиция кызматкерлери келип гаражды ачканда кадимкидей газдын жыты чыкты.

Бул үй-бүлө мал-жандуу, жакшы жашаган бүлөлөрдүн катарына кирчү. Маркумдар дагы жаркылдаган жакшы кишилер эле. Артында калган 5 баласына жаман болду деп билдирди айыл өкмөт башчы.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер