Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жээнбек Кулубаевдин иш алып баруусу, анын потенциалы эл аралык деңгээлде жокко тетеби?

Жээнбек Кулубаевдин иш алып баруусу, анын потенциалы эл аралык деңгээлде жокко тетеби?

10-июнь, 09:00
403 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Тышкы саясатыбыз ташыркап турган чакта Жээнбек Кулубаев министр катары ийгиликтерди жарата алабы? Бул кадр ишенимди актайбы, же сазга тыгабы?..” деген собол салдык. 

Рита Карасартова, укук коргоочу:

-- Негизи министрлик орунду мурун “саясый кызмат” деп коюшчу. Анан саясый кызматка ар түрдүү мезгилдерде ар кандай подход болчу. Бир кезде парламентаризмди куруп аткан учурда “парламент дайындасын” деп, анан парламенттегилер өздөрү бөлүп алып, “мен бул министрликти коёюн, сен тиги министрликти кой” дешип, парламентаризмдин баркын кетирип коюшту. Бүгүнкү күндө биз президенттик Конституцияны кабыл алгандан кийин министрлер кабинетинин баарын президент өзү чечип атат. Ошон үчүн Жээнбек Кулубаев кандай иштеп кетет (?) деген маселе президенттин мойнунда болот. Жалпы өмүр таржымалын карай турган болсок, алган билими, андан кийинки иштери бүтүндөй министрликке байланыштуу экен. Бир тармакта көп жылдар бою кызмат кылып, адис катары сыпатталыптыр. Бирок, бир маселе бар да, ар бир адамды кайсы бир жумушка же кызматка дайындап атканда өз оозунан “мен эмне ишти жүзөгө ашыра алам?” дегенди тактап, сүйлөшүп алгандан кийин гана кабыл алсак жакшы болмок. Кыскача айтканда, сынактын негизинде...

Мавлян Аскарбеков, коомдук ишмер:

-- Азыркы оор геосаясый абалды эске алуу менен Борбор Азияда Россиянын басымында бир топ министрлердин кетишин, биздеги кадрдык саясаттын аксап жаткандыгын айтуу менен жаңы келген министрдин позициясы бек болушун айтып кетет элем. Тилекке каршы, өзүңүздөр билесиздер, Россия менен Украина согушуп жаткан учурда Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары мамлекет позициясын эч кимден коркпой так айтты. Андан тышкары, Өзбекстандын тышкы иштер министри өз позициясын так айткандыгы үчүн башка элдин басымы аркылуу кызматтан кетти. Биздин да тышкы иштер министрибиз так ошондой эле басым менен кызматтан кетти. Ал эми жаңы министр ушундай оор абалда тышкы саясатты туура жүргүзүп, эң башкысы, мамлекетибиздин, элибиздин позициясын бек кармайт деген ишенимдебиз. Канчалык деңгээлде ишти көргөзө алат – аны убакыт көргөзөт. Бирок, бүгүн министр болуп шайланганына байланыштуу биздин позицияны, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн иш аракетти жүргүзөт деп ишенип туралы.

Эрлан Жамгырчиев, коомдук ишмер:

-- Учурда өлкөбүзгө чет жакта абдан таанымал болгон инсан тышкы иштер министри болушу зарыл эле. Пандемия, өлкөлөр арасындагы кагылышуулардын тушунда дипломаттар, саясатчылар, ири ишкерлер тааныган сыйлуу инсан Кыргызстаныбыздын сырткы саясатынын деңгээлин бир топ көтөрмөк. Ал адам эң ириде өлкөбүздүн кызыкчылыгын жогору коюп, патриоттук сезимде башка өлкөлөр менен алака жүргүзүүдө баардык жагымсыз көрүнүштөрдү дипломатиялык жол менен чечүү үчүн бүт аракетин кылат эле. Албетте, андай инсандарыбыз жок эмес. Мамлекеттин жүргүзүп аткан кадр саясаты бүгүнкү күндө ойдогудай болбой атканы көрүнүп турат. Баягы эле башка элге көз каранды болуп, “башка элдин жетекчилери эмне дейт?” деген кылчактоо абалда тургансыйбыз. Жээнбек Кулубаев мырзанын иштөө потенциалы жокко тете. Аны убактылуу келген катардагы чиновник катары сыпаттап турам.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер