Акыркы кабарлар
» Саясат » БШК депутаттыкка 5 талапкерди партиялык тизмеден чыгарды
БШК депутаттыкка 5 талапкерди партиялык тизмеден чыгарды
22-ноябрь, 12:03
1 188 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттыкка 5 талапкерди партиялык тизмеден чыгарды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жашылдар партиясынан" Элмира Урмамбетова, "Мекенчил эл" партиясынан Абдыкадыр Султанбаев, "Аруузат" партиясынан Гүлнара Султанбаева, "Багыт" партиясынан Бакытбек Байбек уулу, "Ыйман Нуру" партиясынан Чынара Мамажакыпова чыгарылды.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.