Кыз-келиндер күйөөгө тийерде акча, байлыкты гана ойлошот экен

Мен 32 жашымда үйлөндүм. Ага чейин үй-бүлө куруу жана балалуу болуу үчүн ылайыктуу кызды жолуктуруу үмүтүмдү жоготуп жүрдүм. Ошондуктан, эмнеге көп кыздар турмушка чыга электиги жөнүндө ойлорумду бөлүшкүм келет.
Бүгүнкү күндөгү кыз-келиндердин талаптары өтө жогору. Алар үчүн негизги нерсе – акча, байлык, комфорт жашоо, башка эч нерсе деле маанилүү эмес. Көпчүлүгү эркектерди сындай беришет, бирок өздөрүн күзгүгө карап көрүшпөйт. Чынында көз караштардын жетилбегендиги чоң көйгөй. Андан тышкары, аялдар ар дайым кемчилик издей беришет. Эркектин күчтүү жактарын баалоонун ордуна, анын алсыз сапаттарын таап алышып, ошого жармашып калышат.
Кээ бирөөлөрү "кар ханышасы" сыңарындай, өздөрүнүн баасын көтөрүүгө аракет кылышат. Негизи эркекти инсан катары эмес, жөн гана байлыгы жана жашоо шарты аркылуу баалашат. Минтип отурсак энелердин көчү уланабы?..
Адил
"Азия Ньюс" гезити