Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токон Мамытов бийликтин кошоматчы акыйкатчысына айланганда

Токон Мамытов бийликтин кошоматчы акыйкатчысына айланганда

16-июль, 16:15
1 484 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкөдө канчалаган адам укуктары тебеленип, адилетсиздик, мыйзамсыздык жоруктар кайталанып аткан чакта, омбудсмен Токон Мамытов сүткө тойгон күчүктөй “кайф” кармап, камырабай жеке жашоосу менен алек. Ушундай чалдан көрө, жаш, прогрессивдүү кадр болгондо, адам укугунун сакталышы өзгөрмөк да. Эх, кайран гана корогон сөздөр! Акылга сыйбаган куугунтуктардын негизинде канчалаган саясатчылар камалып жатышат. Алар боюнча тыңгылыктуу колдоосун көрсөтпөгөн акыйкатчынын кимге кереги бар? Күч органдарынын, соттордун ыплас аракеттеринен, чечимдеринен көпчүлүк жабыркап келгени көнүмүшкө айланды. Таңгаласың. Омбудсмен Токон Мамытов бир ооз ачып, адилеттүүлүк үчүн күрөшүп койдубу? Ушунча да кайдыгерби? Сыягы, бул бийликтин жагымпозуна айланып, чындыктан качып, жанын баккан бир жандын образын чагылдырууда. Тирүүлүктөгү намысы жайраса, андан аркысын элестетип не?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер