Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңешти “жорголотту”
Эгемендүүлүк алган жылдардан берки парламенттерге ар кандай баа беребиз. Бирде таасири артса, айрым жылдары алсыроого кабылган. Бирок, бүгүнкү күндөгүдөй абалга жеткен эмес. Мындайча айтканда, Нурланбек Шакиев башында турган Жогорку Кеңеш учурда “жорголоп” калды. Сын-пикир айткан, өз позициясы бар депутаттар акырындыкта мандаттарынан ар кандай ыкмалар аркылуу ажырашты. Аргасыз муктаждыктан. Камалышты, коркутууларга кабылышты, көбү өз эрктери менен баш тартууга барышканы ырас. Учурда көз караштарын ачык айткан Исхак Масалиев жана Дастан Бекешев эле калды окшойт. Калгандары жумшак позицияга өтүшүп, айрымдары “балээге калбайлы” таризинде тилдерин бууп алышкандай. Негизинен парламентте көпчүлүк “эл өкүлдөрү” бийликке кошомат кылуудан тартынбай эле калышты го? Атаандашуу менен жагалдана башташканы кандай? Айтор, сырттан карап туруп, эрксизден баш чайкайсың. Ушундай “жүгүнүү, кол куушурууга” Нурланбек Шакиевдин төрага катары салымы бар. Эл баатыры наамын качан алат болду экен?..
"Азия Ньюс" гезити