Турсунбек Акун, укук коргоочу: “Бийликти мактаганы үчүн Текебаевди кызматтан алалы”

-- Турсунбек агай, көп маселеге сын көз менен караган Өмүрбек Текебаев экономикада өсүш болгонун айтууда. Ошондо өкмөт укмуш иштеп, экономика жогорулап, элдин турмушу оңолуп жатабы, же Текебаев багытын өзгөрттүбү?
-- Садыр Жапаровду толкуган эл бийликке алып келди. Адегенде өкмөт башчы, анан президент болду. Өкмөт башына келер замат реформага барды. Курултай маселесин колдоду. Кыргызстандагы белдүү адамдарды конституциялык кеңешмеге мүчө кылды. Президенттик башкарууну баарыбыз туура көрдүк. Анткени, парламенттик башкаруу 10-15 жылдын ичинде эч кандай натыйжа алып келген жок. Элдин турмушу өйдөлөгөнү менен мамлекеттин турмушу начарлады. Экономикабыз солгундап, биздин мамлекет менен эч ким иштешпей калды. Кыскасы, 15-20 жылда парламенттик система талаш-тартышка гана алып келди. Ошон үчүн “бир адам жоопкерчиликти алсын” деп президенттик башкарууну тандадык. Президенттик башкарууга өткөндөн көп өтпөй эле экономикалык, социалдык жактан жылыштар байкалды. Социалдык маселелер чечилип, айлык акы жогорулап, пенсия, пособие көбөйдү. Мамлекеттеги жетишкендиктерди айтып, президентти колдоого алдык. Ошол кезде Текебаев жана айрым жаштар, оппозициянын, НПОнун өкүлдөрү бизге каршы чыгышып, “Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кошомат кылып жагынайын деп далбастап жатышат” дешти. Текебаев: “Кошомат кылат. Парламенттик системадан кетсек, хан системасы орнойт. Президенттик башкаруу эч качан жакшылыкка алып келбейт. Экономикада өсүш болбойт “деди. Ал кезде Текебаев оппозиция эле. Канча жолу президент кабыл алып, үйүнө чейин барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө, “макул” деп коюп, өз билген талканын чалып жүрдү.
Чынында Текебаевге караганда мен калыс пикирди карманууга аракет кылам. Мен бийликтин жакшы иштерин колдогонум менен Кемпир-Абаддын шылтоосу аркылуу оппозициянын, НПОнун өкүлдөрү камалып, адам укугу тебеленгенде кыйкырдым. “Сөз эркиндигине доо кетти, демократия муунтулуп жатат. Граждандык коомдун өкүлдөрү камала баштады. Кемпир-Абад боюнча камалгандардын күнөөсү жок, алар душман эмес” дедим. Бир канча жолу жыйын кылып, бийлик менен оппозицияны диалогго чакырып, камактагы оппозициянын өкүлдөрүнүн бошотулушун талап кылдым.
Ошол кезде Текебаев Германияда элчи. Ал кызматын позициясынан, байлыкты бийик коюп, “Ата Мекен” партиясынын жетекчиси Асия Сасыкбаева камалып жатса да бошотуу аракетин көргөн жок. Бир жолу гана Германиядан келип, анча-мынча сүйлөмүш этип, кетип калды. Өзүнүн кызыкчылыгын партиянын кызыкчылыгынан жогору койду. “Кемпирабадчылардан” кийин журналисттер камала баштады. Анда дагы: “Бул бийлик туура эмес жолго түштү. Мурдагы президенттердин катачылыгын кайталап жатат” дедим. Президентке үч жолу кирдим. Акыркы жолу киргенимде “кемпирабадчылар” чыгышы керек. Соттор, укук коргоо органдары туура эмес жолго баратат, мурункулардан дагы өтүп кетти” деп катуу айттым. Ал мезгилде Текебаев унчукпай эле отурган.
Текебаев “эптеп элчилик кызматты сактап калайын, мамлекеттен маяна жеп, Европада жүрүп турайын” деп кошомат кылып, азыр бийликти мактай баштады. Чынында бийликти бир жактуу мактаганга Текебаевдин кызматтык абалы жол бербейт. Дүйнөлүк дипломатия боюнча конвенция жана мамлекеттик кызматтар боюнча мыйзамдарда элчилик мамлекеттик кызмат болуп эсептелет. Мамлекеттик кызматтын этикасы боюнча мамлекеттик кызматкерлер эч качан саясатка аралашып, бийликти бир жактуу каралап, сындап, мактабашы керек. Мисалы, “бийликти бир жактуу сындады” деп Бекназаровду кызматтан кетиришти. Андай болсо бийликти мактаганы үчүн Текебаевди дагы кызматтан алышы керек. Анткени, Текебаев “бийлик жакшы иштеп жатат” деп бир жактуу интервью берди. Анын мактаганы саясат да. Элчи эч качан саясат менен шугулданбашы керек эле. Эми президент элчилердин баарына бирдей мамиле кылып, Текебаевди дагы кызматтан алышы керек. Негизи мен Текебаевге каршы эмесмин. Көп жыл доспуз. Үй-бүлөлүк катышыбыз бар. Анын көп жакшы жактарын билем. Легендага айланган саясатчылардын бири. Бирок, элчи болгондо мактап, мурун бийликти каралап, эки жакка ойногону орунсуз да. Негизи эки жээкте ойногон мындай адамдар өтө коркунучтуу. Ошондуктан президент менен УКМКнын башчысы катуу айткандардан кооптонбой, мына ушундай адамдардан сактанышы керек. Кыскасы, кечээ бирди, бүгүн башканы сүйлөгөндөр элдин башын айлантпашы керек.
Эң негизгиси президенттин пресс-службасындагы кызматкерлер мамлекеттик кызматкерлерди бийликти мактатпашы шарт. Эл президентти Текебаевсиз эле мактап жатат. Кайда барба, “жакшы иштеп жатат” деген эле сөздөрдү айтышууда.
-- Орозайым Нарматова: “Бул бийлик кетсе ким келет? Булардан башка татыктуулар жок. Өз тарапташтарынын колу менен чок кармагандар элдин башына келсе...” деген оюн айтты. Чын эле Кыргызстанда татыктуу лидерлер калбай калдыбы?
-- Башта Орозайым Нарматовага боорум ооруп жүргөн. Москвадан алып келип, депутат кылышты. Кайра “диплому жок экен” деп мандатын алышты. Кичинекей кыз менен мамлекет алышып, куугунтуктаганын туура көргөн эмесмин. Камалганда тергөө менен кызматташтыбы, айтор, эркиндикке чыкты. Бирок, азыр позициясын өзгөртүп, мактоо жолуна түшө баштагандан бери ал кыз боюнча пикирим өзгөрдү. Ал “бийликти булардан башка алып кете турган татыктуулар жок” деди. Чынында бийликти “кет” деген эч ким жок. Мөөнөтүнүн аягына чейин иштесин. Эл колдосо, экинчи мөөнөт да иштесин. Көпчүлүк эл “иштегенине мүмкүнчүлүк беришибиз керек” деп эле отурат. Бирок, “булар кетсе, ордун басып иштеп кетер эч ким жок” дегени туура эмес. Орозайым Нарматованын бул сөзү элди, улутту кемсинтүү.
-- “Кемпирабадчыларды” УКМКнын башчысы кабыл алганы тил табышып кечиришкениби же соодалашууга барганыбы?
-- “Кемпирабадчыларды” Ташиев эле кабыл алган жок. Равшан Жээнбековду, Азимбек Бекназаровду президент менен Ташиев экөө кабыл алган. Андан кийин Ташиев “кемпирабадчыларды” чакыртты. Негизи сотто илинчеги бар адамды президенттин кабыл алганы күнөөсү жок экенин билдирет. Өз ара сүйлөшүп, ичиндеги таарынычтарын айтышып алганы жакшы нерсе. Муну айкөлдүк деп койсок да болот. Себеби, бири-бирин аёосуз каралашты. Эми түшүнүштү окшойт.
-- Иштери сотто турган адамдарды мамлекеттин даражалуу кызматында турган адамдардын кабыл алганы күнөөсү жоктугун далилдейби же “шартыбызга көнгүлө” деген белгиби?
-- “Кемпирабадчыларды” райондук сот туура эмес актап жиберди деп шаардык сотко беришти. Жогорку эшелондогу адамдар кабыл алганы айкөлдүк дегенибиз менен мыйзам боюнча соттолуп жаткан адамдарды президент кабыл албашы керек эле. Кабыл алганы – булардын күнөөсү жок дегенди билдирет. Кандай болгон күндө дагы өз элинин өкүлдөрүн кабыл алып, алардын да чындыгын укканы жакшы. Бирок, жолугушуунун арты “биз айтканга макул болгула, чарабызды колдонобуз” деген сыяктуу ойлор кыйытылганы, “Кемпир-Абад туура берилген дегенди айтып койгула” дегендей маанайда сөз жаралганы калды. Кемпир-Абад кетти. Ал туура берилдиби-жокпу, аны тарых тастыктайт. Азыр Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасы чечилгени турат. Жаман көрүнсө дагы ушул бийлик чечип жатат. Чынында чек араны чечүү оңой эмес. Ар бир адам кабатырланганы менен көбүнүн башы жетпейт. Бир жерди берет, бир жерди алат. Ансыз чек ара чечилбейт. Кыскасы, бул иштердин баарына мезгили келгенде тарых баасын берет.
Негизи кыйынчылыкты, камакты көргөн адамдар бири-бирин аяшы керек. Камактагы азаптуу күндөрдү Садыр Жапаров дагы, Камчыбек Ташиев да жакшы билет. Андай учурда камалган адам менен жакындары катуу жабыркайт. Мен Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов камалганда 14 жолу кирип чыккам. Камчыбек Ташиев УКМКнын госпиталында жатып, азаптуу күндөрдү баштан кечиргенинде жанында элем. “Кемпирабадчылар” кандай кыйналса, булар дагы ошондой азап чегишкен. Ошон үчүн адамдар бири-бирине аяр мамиле кылышы керек. Дежур статья менен камата бербеши зарыл. Конституция, мыйзам деген бар. Биз деген Сингапур эмеспиз да. Айтайын дегеним, кыргыз элинин менталитети башка. Коркутуп эмес, түшүндүрүп башкарыш керек.
-- Азыркы бийликтин саясаты туурабы?
-- Мамлекет байып, өкмөт күчтөнүп, криминалдарга, коррупционерлерге каршы күрөш жүрүп, аскердик техникалар жаңыланып, жолдор салынып жатат. Бул жагы мактоого арзыйт. Бирок, мамлекетти байытыш үчүн ишкерлерге сокку урулуп, бизнесмендер жана алардын адвокаттары камалганы орунсуз болууда. Чынында бизнесмендер экономиканын катализатору. Президент “бизнесмендерге кысым болбосун, ашыкча текшерүү жүрбөсүн” деген. Бирок, турмуш чындыгында канчалаган бизнесмендер камалып, канчасы өлкөнү таштап кетишти? Кыскасы, ийгилиги дагы, катачылыгы да бар. Кыскасы, мына ушундай жагдайлар орун алууда.
Айтмакчы, буга чейин талапкерлер камалчу эмес. Анткени, алардын шайлоо бүткүчө кол тийбестиги сакталчу. Темирлан Султанбековдун ар кайсыны сүйлөй бергени жакпайт. Бирок, шайлоо бүткөнчө камалганы мыйзамсыз болуп калды. Биз “демократиянын аралчасы” деген атыбызды сактап, туура эмес кадамдардан, мыйзамсыз иштерден алыс болгонубуз оң.
-- Сиздин баамыңызда, эл жакырландыбы же мамлекет күчтөндүбү?
-- Мамлекет күчтөндү, бирок эл жакырланып баратат. Маселен, пенсия, пособие, айлык акы көбөйдү дегенибиз менен азык-түлүккө баалар жогорулоодо. Кымбатчылыктын айынан элдин турмушу күндөн күнгө оорлой баштады. “Салык эле салык” деп жок салыктарды киргизип, элдин жонунан кайыш тилбешибиз керек. Мамлекет да күчтөнсүн, эл дагы жакырланбасын. Элдин дагы татыктуу жашаганга акысы бар. Бюджетти көбөйтүү үчүн салыкты ашыкча салып, элди кыйнабаш керек.
"Азия Ньюс" гезити