Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Баткенде болгону эки үй бүтүргөнүбүз – бул уят!”

Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Баткенде болгону эки үй бүтүргөнүбүз – бул уят!”

29-декабрь, 11:32
1 066 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тазабек мырза, Баткендеги жаңы курулуп жаткан үйлөр боюнча эмне айта аласыз?

-- Кечээ сурадык. “Эки үй бүттү. Анын дагы документи толук бүтө элек, тапшыра элекпиз. Пайдубалы түптөлүп калгандары бар, кээ бирөөлөрүнүн дубалы урулуп, кээ бирөөлөрүнүн чатыры жабылап жатат” деп мамкурулуштун жетекчиси өзү айтты. Бизде эки айда үйлөр бүтүп, элге тапшырылып калат го (!) деген үмүт бар болчу. Тилекке каршы, андай болбоду. Канчалаган мекендештерибиз ошол жерде үй-жайсыз отурат кыйналып. 1 миллиард 400 миллион сом бөлүнгөн. Эки-үч айдын ичинде үйлөрдү бүтүрүп койгонго толук мүмкүнчүлүк бар эле. Болгону эки үй бүттү деген – бул уят!

-- Сиз Баткенди Манас облусу деп атоону сунуштап жатасыз. Бул сунушуңуз канчалык деңгээлде колдоо табат?

-- Мен болгону сунуш бердим. “Сөзсүз Манас облусу болсун” деп таңуулап же мажбурлай албайм. Бул тек гана сунуш, мен өз пикиримди айттым. Аны ким кандай кабыл алса, өз эрки. Мындай сунуш киргизгенимдин себеби, кээ бир уламыштарда Манас атабыздын туулган жери Баткен деп айтылат. Мен ошонун негизинде Манас атабыздын ысымы баарыбыздын башыбызды бириктирип, мекенибиз Баткенден башталса деген жакшы ой менен айттым. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер