Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөнбиев, Шаршеев, Алимбаевдин коррупциялык иштерине Разаков да кошумчабы?

Дүйшөнбиев, Шаршеев, Алимбаевдин коррупциялык иштерине Разаков да кошумчабы?

31-май, 13:36
1 634 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Генерал Райымберди Дүйшөнбиев, полковник Уларбек Шаршеев, полковник Абдикарим Алимбаев – Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскердик атайын лицейде бирге окушкан. Чек ара кызматында үчөө өздөрүнүн коррупциялык схемасын түзүшүп, ай сайын ар бир посттон “доля” алышат. Ар бир постко өзүнчө тапшырма коюшуп, ай сайын алып турушат, Пандемияга байланыштуу айланып жаткан акчанын көлөмү азайган, бүгүнкү күндө 100 миң АКШ долларынын тегерегинде айланат. Андан сырткары, аскер кызматкерлерин бир орундан бир орунга жылдырыш үчүн ОПК (чек ара көзөмөлдөп өткөрүү пункттарына) жаатында өзгөчө:

-- сержант – 500 АКШ доллары;

-- прапорщик – 1000 АКШ доллары;

-- офицер – 1000-10000 АКШ долларына чейинки суммаларды дайындоо үчүн алып турушат.

Ошол схемаларынын негизинде эбегейсиз байып, куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын өтө төмөнкү деңгээлге түшүрүштү. Үчөө тең акыркы беш жылда өтө чоң суммадагы байлыктарды жыйышып, көптөгөн фураларды, хансарайларды, жолтандабас автоунааларды ж.б.у.с. алышты. Сөзсүз бул нерселерге көңүл буруп, текшерүү зарыл!

Полковник Уларбек Шаршеевде дух жок. Ошондуктан кыргыз-тажик согушунда команда берген жок, тажик тараптын айтканына көнүп, биргелешип контрабанданы улашат. Кулунду, Максат айылдарында Камчыбек Ташиев менен болгон жолугушууну Алай деген ошол жердеги контрабандист бала коркутуп-үркүтүп көзөмөлгө алып, чек арачыларды мактап-жактап турду. Алай деген жигит Шаршеевдин “кошелёгу”. Арка зонасында Рано деген өзбек аял ар бир фурадан, бензовоз, ховодон “долясын” алышып, жакын адамдары болуп жүрүшөт.

Тополоң күндөрү Баткенге бардык контрабандисттер келип, Шаршеевди колдоп жанында жүрүштү. Эмнеге шеф ошолорду көрбөйт?

Лейлек районунун Катта-Туз участкасында союз кезинен бери, б.а. 1965-жылдан бери тажик тарап биздин территориядан газ, нефть казып келишкен. Ал эми союз урагандан кийин 2000-жылдардан баштап аны Жеңиш Разаков көзөмөлгө алып, ай сайын тажик тарап “отметка” берип турушкан. Суммасын ар кандай айтышат: 10000-30000 АКШ долларын түзөт.

Бул бизнести Жеңиш Разаков полковник Уларбек Шаршеев экөө иштетишип, жашырып-жаап келишкен. Себеби, ал жерлерге чек арачылар бир айда бир барып келишет. Ортомчу катары тажик тарап менен подполковник Салахидин Бабаев аттуу тажик улутундагы кыргыз офицери эсептелинет, азыркы убакта пенсияда. Ал Лейлек районунун Андарак айылынан болот, контрабанданы өткөргөнгө чоң салымы бар.

Мамлекеттик чек араны бизнеске айландырган офицерлерге чара көрсө болбойбу? Бул жерде эл билген гана фактыларды жаздык, болбосо, фактылар аябай көп. Чара көрүлсө, бардык аскер кызматкерлери көрсөтмө бергенге даяр турушат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер